МЕКТЕПКЕ ДАЯРДОО ТАЙПАЛАРЫ КАНДАЙ ИШТЕЙТ?
- 30.08.2024
- 0
Быйыл бала бакчалардын мектепке даярдоо тайпалары мурункудай эле шартта иштей берет. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова билдирди.
Нурзида Касымованын айтымында, 12 жылдык билим берүү системасына толук өтүп, мамлекеттик стандарттар кабыл алынганда гана бала бакчада тарбиялана турган жана мектепке бара турган балдардын жашы так жазылат.
— Быйыл жаңы система толук ишке кирбейт, кийинки жылга чейин даярдык иштери жүрөт. Былтыр жалпы мектеп курагына чейинки балдардын 26,4 пайызы бакчага барса, 2023-жылдын жыйынтыгы менен 28,3 пайызы гана барганы Улуттук статистика комитети тарабынан жарыяланды. Бул 233 миңден ашуун бөбөк балдар бакчасына барууда дегенди түшүндүрөт. Жыл сайын 150-160 миңдин тегерегиндеги балдар 1-класска келишет, — дейт.
Анын айтымында балдар 1-класска барганга чейин алар түрдүү билим берүү программаларынан өтөт. Алсак, балдар бала бакчада мектепке даярдоочу тайпада даярданышат, дагы 100 миң бала 2015-жылдан бери «Наристе» программасында окуйт. Ортодо 1-класска окуй турган 25-30 миңдей бала мектепке эч даярдыгы жок барып жатканы өкүнүчтүү көрүнүш болууда. Балдардын ушундай деңгээли үч түрдүү болуп калышын шарттап жаткан көрүнүштү жоюу максатында, алты жаштагы балдарды милдеттүү түрдө окутуп, 1-класска кабыл алуу болжолдонуп жатканын айткан Н.Касымова, 5,5-7 жаштагы балдар милдеттүү түрдө мектепке даярдоо класстарына барышы керектигин, “беш жарым жаш” деген себеби, жылдын аягында төрөлгөн балдар мектепке кабыл алынбай, кеч барып калбасы үчүн ушундай уруксат берилгенин билдирди.
— Биз эми 12 жылдык окуунун алкагында билим берүүнүн стандарттарын иштеп чыга баштайбыз. Анда балдардын кайсы жаштан баштап мектепке, кайсы жаштан баштап бала бакчага барары так жазылат. Бала 6 жашка чейин бала бакчада тарбияланат, 6 жаштан кийин мектепке барат деген нормаларды киргизип жатабыз. Быйыл система жаңы киргендиктен бала бакчадагы мектепке даярдоо тайпалары мурункудай эле иштейт. Тайпадагы 6 жаштагы балдарды азыр «силер быйыл нөлүнчү класска барышыңар керек» деп чыгарууга болбойт. Анткени мектепке даярдоо программасы бала бакчада да, мектепте да бирдей эле өтөт. Толук түрдө 12 жылдык билим берүүгө өтүп, нормативдик актылар, мазмун, мамлекеттик стандарттар кабыл алынгандан кийин гана балдар бала бакчада 6 жашка чейин гана калтырылат», — деди Касымова.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
«Кут Билим»
Комментарийлер