МЕКТЕПКЕ ДАЯРДОО: БЫЙЫЛ 1-КЛАССКА КИМ БАРАТ?
- 12.02.2025
- 0
Улуттук билим берүүнүн жаңы моделине көчүү этабы быйылкы окуу жылынан башталат. Азыркы учурда даярдоо этабы жүрүп жатат. Ал ушул жылдын август айына чейин созулат. Билим берүү стандарттары, программалар, окуу китептер жаңыланып, педагогдор даярдыктан өтүүдө.
КР билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова быйыл мектепке бара турган балдардын жаш курагы, алардын даярдыгы жана талаптары тууралуу айтып берди.
— Быйыл 1-класска кимдер барат?
— Сентябрда 2019-жылы төрөлгөн балдар 1-класска барат. 2018-жылы жана 2019-жылы төрөлүп, мектепке даярдоо программасынан окуган балдар 2-класска отурат.
— 1-2-класстын окуучулары жаңы окуу жылында кандай окуу программасы менен окушат?
— Учурда Мамлекеттик билим берүү стандарты иштелип жатат, андан кийин мектептик предметтик стандарттар чыгат, андан кийин китептер, окуу усулдук колдонмолор иштелип чыгат.
— Беш жарым-алты жаштагы балдарды ата-энеси мектепке жибербей, бала бакчада калтырып кое алышабы? Эгер бул мүмкүн болсо, анда ал бала келерки жылы кайсы класска барат?
— Беш жарым жаштагы балдар эгерде сентябрь айына карата алты жашка чыга элек болсо, окуу жылынын аягына чейин бала бакчанын жогорку тайпасында кала алат жана кийинки жылы 1-класска барат. Эгерде сентябрга чейин алты жашка чыккан болсо, бала бакчада калбайт, анткени мамлекеттик билим берүү стандартында 6 жашка чыккан балдар 1-класска барат деп так көрсөтүлгөн. Андыктан ата-эне ден соолугу чың баласын 1-класска бергенге укуктуу.
— Бала бакчаларда 1-класстар болобу? Бул кандай негизде болот?
— Бала бакчаларда негизинен 1-класстар болбойт, бирок мектептер, класстар жетишпеген айрым учурларда мектептин кошумча имараты курулганга чейин бала бакчалардын имараттарын убактылуу колдонуп тура алат. Балдар электрондук каттоо аркылуу мектепке кабыл алынып, ошол мектепке комплектөө болот. Ал балдар кабыл алынган мектептин окуучусу болуп эсептелет жана аларды ошол мектептин мугалимдери окутат.
— Ата-энелер балдары бала бакчада «Наристе» программасынан окугандыгын кантип тастыктай алат? Буга сертификат же башка бир документ берилеби?
– «Наристе» программасы — мектепке чейинки билим берүүгө тартылбай калган 5-7 жашка чейинки балдар үчүн даярдалган программа. Ал эми бала бакчага барып жүргөн балдар үчүн «Балалык» программасы иштейт. Аларга сертификат берилбейт, бирок алар автоматтык түрдө даярдоо тайпасынан өтүп, мектепке даярдоо программасын окугандыктан, 2-класска отурат. Аларга тестирлөө жүргүзүлбөйт, сертификат да берилбейт. Мектепке чейинки билим берүү кызматын көрсөткөн тараптар менчигинин түрүнө карабастан, https://balalyk.edu.gov.kg/ сайтында катталып, жеке кабинетинен каттоодон өткөн соң, балдардын жеке маалыматтарын базага киргизиши керек. База системасы автоматтык түрдө балдарды 2-класска кабыл алат.
— 1-2-класска бара турган балдарга кандай талаптар коюлат?
— 1-2-класска бара турган балдардын жаш курагы боюнча гана талаптар коюлат. Эгерде «Наристе» программасынан өтсө же бала бакчанын даярдоо тайпасында окуган болсо, анда ал балдар 2-класска кабыл алынат.
— Мектептер балдарды кабыл алып жатканда тест менен текшереби же баланын жаш курагы эле жетиштүүбү?
— Негизинен баланын жаш курагы жетиштүү. Бала кайсы класска отура турганы анын кайсы программаны окугандыгына байланыштуу болот. Балдарга тестирлөө жүргүзүлбөйт, бул мыйзам менен тыюу салынган.
— 1-класстын окуучуларына өздүк дело ачылабы жана аларды ИСУОдо каттатуу керекпи?
— Балдарды 1-класска кабыл алуу электрондук каттоо аркылуу жүрөт, аларга сөзсүз түрдө өздүк делосу ачылат.
— Алты жаштагы балдар мектепке барганга даярбы?
— Мурдагы эски мыйзамда да бала 6-7 жаштагы балдар 1-класска кабыл алынат деп жазылган. Азыркы учурда Кыргызстанда алты жаштагы 49 миң бала 1-класста окуп жатат. Жаңы моделге өткөндө 6 жаштагы балдарга жеңилдетилген, мектепке ыңгайлашкан оюндар аркылуу сабактар берилет, ал сабактар бала бакчанын даярдоо тайпасындагы программадан бир аз айырмаланган жеңил сабактар.
— 1- класста окуучулар эмнени, кантип, канча саат окуйт?
— Мамлекеттик билим берүү стандарттары иштелип чыккандан кийин көлөмү, минутасы так аныкталат, жеңилдетилген шартта оюн аркылуу сабактар өтүлөт.
— Физикалык жактан да, моралдык жактан да даяр эмес балдар кандай болот?
– Биринчи кезекте баланын даярдыгы жана ата-энесинин чечими эске алынат. Беш жаштагы бала бала бакчада калууга укуктуу, биринчиден аларды мектепке кабыл албайт. Бала азыр беш жашта болуп сентябрь айынын аягына чейин 6 жашка чыкса, мектепке кабыл алынышы мүмкүн. Кокустан ата-энеси даяр эмес деп чечсе, анда кийинки жылы жети жаштагы бала менен 1-класска барат. Ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар медициналык кароолордон өткөрүлүп, атайын адистердин тыянагына жараша чечим кабыл алынат. Акыл-эси, кабыл алуусу жакшы балдар башка балдар сыяктуу эле жалпы негизде мектепке бара алат.
Расмий маалыматтарга таянсак, учурда 1-класста 6 жаштагы 49 миң бала билим алууда. Ал эми даярдоо тайпаларында 38 миң бала болсо, нөлүнчү класстан 78 миң бала өтүп жатат. Эч кандай программага тартылбаган балдардын саны болжолдуу эсеп менен 3 миңдин тегерегинде, алар негизинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, ички тышкы миграциянын натыйжасында мектепке даярдоого тартылбай калгандар.
Министрликтин адиси билдиргендей, ден соолугунан жабыркаган балдар абалына жараша медициналык адистердин тыянагы менен атайын билим берүү мекемелерине чегерилсе, мектепке даярдоо курстарынан өтпөй калган, бирок жаш курагы мектепке туура келген балдар жаш курагына жараша жогорудагый эле шартта мектепке кабыл алынат.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер