МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТЫН КӨРСӨТҮҮНҮ КААЛАГАНДАР ҮЧҮН ОКУТУУ МОДУЛУ АПРОБАЦИЯДАН ӨТКӨРҮЛДҮ

  • 12.04.2023
  • 0

Ленин районундагы Арча-Бешик конушунда мектепке чейинки билим берүү кызматын көрсөткөн жеке ишкерлер менен “Өкмөттүк акселераторлор” программасын ишке ашыруунун алкагында окутуу модулу апробацияланды.

МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТЫН КӨРСӨТҮҮНҮ КААЛАГАНДАР ҮЧҮН ОКУТУУ МОДУЛУ АПРОБАЦИЯДАН ӨТКӨРҮЛДҮ

Анда жумушчу топтун өкүлдөрү жеке тараптарга аталган долбоор кандай негизде ишке ашары тууралуу кенен маалымат беришти. Натыйжада мектепке чейинки билим берүү программасын көрсөтүүнү каалаган жактар өздөрүнүн «Өкмөттүк акселераторлор» программасына кызыгуусун, мындан ары кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Программаны ишке ашыруу алкагында жумушчу топ окутууга катышып жаткан тараптар менен биргеликте ишмердүүлүгүн ийгиликтүү жүзөгө ашырып жаткан бала бакчаларды кыдырып, окутуучу экскурсияларды уюштуруу пландарын да талкуулашты.

Белгилей кетсек, “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында мамлекеттик органдар тармактагы актуалдуу маселелерди аныктап чыгып, 100 күн ичинде коюлган максаттар ишке ашырылууга тийиш.

Бөлүшүү

Комментарийлер