МЕКТЕП ЖЕТЕКЧИЛЕРИНИН РЕЗЕРВИ: ТАНДОО ЖАНА ТАЖРЫЙБА
- 23.07.2026
- 0
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү боюнча конкурстун биринчи этабын – документтерди кабыл алууну жыйынтыктады.
Конкурска катышуу үчүн жалпысынан 2147 талапкер “Мугалим” автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу документтерин каттады. Экспертизалык текшерүүнүн жыйынтыгында 1729 талапкердин документтери талаптарга толук жооп берип, квалификациялык тестирлөөгө катышууга уруксат алды. Ал эми 90 талапкердин документтери белгиленген талаптарга жооп бербегени аныкталды. Дагы 328 талапкердин документтери кемчиликтерди оңдоо жана толуктоо үчүн кайра кайтарылды.
Эми талаптарга жооп берген катышуучулар квалификациялык тесттен өтүшөт. Тесттен кийин ар бир катышуучу өзүнүн жыйынтыгын дароо көрө алат. Ошондой эле алган упайы тууралуу маалыматты “Мугалим” автоматташтырылган маалыматтык системасындагы жеке кабинетинен каалаган убакта текшерүүгө мүмкүнчүлүк бар.
Тест жалпысынан 80 суроодон турат. Анда билим берүү мыйзамдары, эмгек мыйзамдары, педагогика жана психологиянын негиздери, ошондой эле компьютердик сабаттуулук боюнча суроолор камтылган. Эгер талапкер 80 суроонун кеминде 60ына туура жооп берсе, босого баллдан өткөн болуп эсептелет жана автоматтык түрдө мектеп жетекчилеринин кадрлар резервине киргизилет. Босого баллга жетпей калган талапкерлер үчүн да мүмкүнчүлүк сакталат. Алар кийинки айлампага катышып, тестти кайра тапшыра алышат.
Кадрлар резервине кирген талапкерлерге 2 жылдык мөөнөткө жарактуу сертификат берилет. Бул сертификат алардын жетекчилик кызматка талапкер катары катталганын тастыктайт.
Андан соң ар бир айдын биринчи жумасында “Мугалим” автоматташтырылган маалыматтык системасында мектеп директорлорунун бош кызмат орундарына автоматтык түрдө конкурс жарыяланып турат. Кадрлар резервиндеги талапкерлер өздөрү каалаган билим берүү уюмун тандап, ошол орун үчүн башка талапкерлер менен атаандашат. Система аркылуу башка талапкерлердин алган упайларын да көрүүгө болот. Конкурстун жыйынтыгында эң жогорку упай топтогон талапкер тиешелүү билим берүү уюмунун жетекчиси болуп дайындалат.
Мындай система конкурстун ачык-айкын өтүшүн камсыздап, мектеп жетекчилерин билимине, даярдыгына жана атаандаштыктагы жыйынтыгына жараша тандоого мүмкүндүк берет.
Бул конкурстун дагы башка жагдайлары тууралуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин бөлүм башчысы Маданбекова Рыскуль Жоламановна менен маек курдук.
— Рыскуль Жоламановна, бул конкурс мурунку жылдардагы тандоолордон эмнеси менен айырмаланат?
— Бул конкурстун негизги өзгөчөлүгү – бардык процесстердин санариптик форматка өткөрүлгөнү жана ачык-айкын жүргүзүлүшү болуп саналат. Талапкерлер документтерди «Мугалим» автоматташтырылган маалыматтык системасы (АМС) аркылуу электрондук түрдө тапшырышат. Документтер мамлекеттик маалыматтык системалар аркылуу автоматтык түрдө текшерилет, тестирлөө компьютердик форматта өткөрүлөт, жыйынтыктар ошол замат чыгарылат жана ийгиликтүү өткөн талапкерлер кадрлар резервине автоматтык түрдө киргизилет. Бош кызмат орундар дагы «Мугалим» АМС аркылуу жарыяланып, дайындоо эң жогорку упай алган талапкерлердин негизинде жүргүзүлөт. Демек, конкурста адам фактору деген болбойт.
— Талапкерлерди тандоо кандай этаптар аркылуу жүргүзүлөт?
— Конкурс төмөнкү негизги этаптардан турат: «Мугалим» АМС аркылуу электрондук арыз берүү жана керектүү документтерди жүктөө керек. Документтери талапка жооп берген катышуучулар квалификациялык тестирлөөдөн өтүшөт. Анын жыйынтыгында босого баллдан өткөн талапкерлер кадрлар резервине киргизилет.
Андан кийин бош кызмат орундары жарыяланат жана кадрлар резервиндеги талапкерлер өздөрү тандаган кызмат ордуна арыз бере алышат. Арыз бергендердин ичинен эң жогорку упай алган талапкер жетекчи кызмат ордуна дайындалат. Бул этаптар конкурстун ачык-айкын жана бирдиктүү тартипте өткөрүлүшүн камсыз кылат.
— Баалоодо кайсы компетенцияларга өзгөчө көңүл бурулат?
— Баалоодо талапкердин жетекчилик кызматты аткарууга даярдыгын көрсөткөн компетенциялар өзгөчө мааниге ээ. Сынакта катышуучулардын Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагындагы мыйзамдарын жана ченемдик укуктук актыларын билүүсү, педагогика, психология жана билим берүү менеджменти боюнча кесиптик билими, билим берүү уюмун башкаруу жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча компетенциялары, башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу жана алардын натыйжаларын алдын ала баалай билүүсү, коммуникация жүргүзүү, коомчулук жана ата-энелер менен иштөө көндүмдөрү, маалыматтык технологияларды пайдалана билүүсү, уюштуруучулук жана лидерлик жөндөмдөрү бааланат. Тестирлөө ушул компетенциялардын деңгээлин комплекстүү баалоого багытталган.
— Конкурска катышууда талапкерлер көп кетирген каталар кайсылар болууда?
— Талапкерлер тарабынан көп кетирилген каталар: квалификациялык талаптарга жооп бербеген талапкерлердин арыз берүүсү, документтерди толук эмес же туура эмес тариздөө, мамлекеттик маалыматтык системаларда жок документтердин электрондук көчүрмөлөрүн жүктөбөй коюусу, документтерди белгиленген мөөнөттөн кеч тапшыруу, көрсөтүлгөн кемчиликтерди өз убагында оңдобоо. Мындай учурларда талапкерге «Мугалим» АМС аркылуу баш тартуунун себебин көрсөткөн эксперттик комиссиянын протоколу жөнөтүлөт жана ал кемчиликтерди оңдогондон кийин документтерди кабыл алуу күнү бүткөнгө чейин кайра тапшыра алат.
— Конкурска катышууну каалагандар кайсы багытта даярдык жүргүзүшү керек?
— Конкурска ийгиликтүү катышуу үчүн талапкерлер Кыргыз Республикасынын билим берүү жөнүндө мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын өздөштүрүү, педагогика, билим берүү психологиясы жана билим берүү менеджменти боюнча билимди жаңылоо, билим берүү уюмун уюштуруу, пландоо, каржылоо, персоналды башкаруу жана документ жүгүртүү боюнча билимди тереңдетүү, башкаруучулук чечим кабыл алуу, лидерлик жана уюштуруучулук көндүмдөрдү өнүктүрүү, ата-энелер жана коомчулук менен натыйжалуу коммуникация жүргүзүү жөндөмдөрүн өркүндөтүү багыттары боюнча даярдык көрүшү сунушталат.
Андан сырткары маалыматтык технологияларды жана «Мугалим» АМС системасын ишенимдүү колдонууга даяр болуусу зарыл. Квалификациялык тестирлөө жогорудагы кесиптик билимдерди, башкаруучулук компетенцияларды жана санариптик көндүмдөрдү баалоого багытталган.
— Билим берүү уюмдарына жетекчилерди тандоодо тажрыйбага артыкчылык берилеби, же заманбап көндүмдөр маанилүүбү?
— Жобого ылайык, тажрыйбага да, заманбап көндүмдөргө да бирдей маани берилет. Бирок алар конкурстун ар башка этаптарында эске алынат. Тажрыйба – конкурска катышуунун негизги шарты. Талапкер белгиленген педагогикалык же башкаруучулук иш стажына ээ болушу керек. Бул талап аткарылбаса, талапкер тестирлөөгө да киргизилбейт.
Заманбап кесиптик жана башкаруучулук көндүмдөр – тестирлөө учурунда бааланат. Атап айтканда: билим берүү мыйзамдарын билүү, билим берүү менеджменти боюнча компетенттүүлүк, башкаруучулук чечим кабыл алуу жөндөмү, маалыматтык технологияларды колдонуу, коммуникациялык жана уюштуруучулук жөндөмдөр. Ошол эле учурда, талапкерлердин тесттик упайлары бирдей болуп калса, артыкчылык биринчи кезекте башкаруучулук иш стажы көбүрөөк болгон талапкерге, ал да бирдей болсо – педагогикалык стажы көбүрөөк болгон талапкерге берилет.
Демек, бул конкурстун философиясы төмөнкүдөй: тажрыйба – конкурска катышууга мүмкүнчүлүк берген негизги талап. Ал эми заманбап компетенциялар – тестирлөөдө ийгиликке жетүүнүн негизги фактору. Бул жерде тажрыйба – тесттик жыйынтыктар тең чыккан учурда чечүүчү артыкчылык катары колдонулат. Ошондуктан билим берүү уюмунун жетекчисин тандоодо тажрыйба менен заманбап башкаруучулук жана санариптик көндүмдөр бири-бирин толуктап турган негизги критерийлер болуп саналат.
— Сөзүбүздүн акырында конкурска катышууну каалаган талапкерлерге каалоо-тилегиңизди айта кетсеңиз.
— Конкурска катышууну чечкен бардык талапкерлерге ийгилик каалайм. Бул конкурс – жөн гана кызмат ордун ээлөө үчүн эмес, билим берүү тармагын өнүктүрүүгө өз салымын кошууга даяр, жоопкерчиликтүү жана демилгелүү жетекчилерди тандоо үчүн уюштурулуп жатат. Ар бир талапкер өзүнүн билимин, тажрыйбасын жана башкаруучулук потенциалын толук көрсөтө алат деп ишенем. Конкурска кылдат даярданып, өз күчүңүзгө ишениңиздер. Сиздердин кесипкөйлүгүңүздөр жана жаңы идеяларыңыздар өлкөбүздүн билим берүү системасынын өнүгүшүнө чоң салым кошот деп ишенебиз. Бардыгыңыздарга ак ниет атаандаштыкты, ийгиликти жана татыктуу жыйынтыктарды каалайбыз!
Асел Кенжебек кызы, «Кут Билим»
Комментарийлер