МЕКТЕП ЖЕТЕКЧИЛЕРИ ЖАНА ОРУН БАСАРЛАРЫ ҮЧҮН ОНЛАЙН ТРЕНИНГДЕР ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ
- 18.02.2025
- 0
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2025-жылдын 17-февралынан тартып республиканын жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору жана алардын окуу-тарбия иштери боюнча орун басарлары үчүн онлайн тренингдерди өткөрүүдө.
Тренингдер 12 жылдык билим берүү моделине өтүү механизмдерин түшүндүрүү максатында уюштурулууда.
Тренингдер төмөнкү графикке ылайык 2025-жылдын 17-февралынан 25-февралына чейин ZOOM платформасы аркылуу өткөрүлөт.
Тренингдерден кийин ар бир мектепте ата-энелер чогулуштары өткөрүлүп, жаңы форматтагы улуттук билим берүү системасын калыптандырууга багытталган негизги чечимдер жана жаңылануулар тууралуу маалымат берилет.
Бөлүшүү
Комментарийлер