МЕКТЕП ЖЕТЕКЧИЛЕРИ БЕШ ЖЫЛГА ГАНА ДАЙЫНДАЛАТ

  • 02.03.2024
  • 0

Жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо жөнүндө өткөн  пресс-конференцияда жалпы билим берүү уюмунун жетекчисинин бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурстук тандоонун максаттары, милдеттери жана тартиби жөнүндө тиешелүү жетекчилер түшүндүрмө беришти.

МЕКТЕП ЖЕТЕКЧИЛЕРИ БЕШ ЖЫЛГА ГАНА ДАЙЫНДАЛАТ

22-февралда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна кол коюлду.

Токтомго ылайык, жалпы билим берүү уюмунун жетекчиси конкурстук тандоонун негизинде алты айдан кем эмес сыноо мөөнөтү менен дайындалат. Сыноо мөөнөтүн ийгиликтүү өткөн учурда иш берүүчү менен беш жылга мөөнөттүү эмгек келишими түзүлөт.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Материал менен толук гезитибиздин санынан таанышасыздар.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер