“МЕКТЕП ТАМАК-АШЫ: КЕЛЕЧЕККЕ КАМ КӨРҮҮ” СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНАТ
- 13.11.2024
- 0
13-ноябрда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин имаратында “Мектеп тамак-ашы: келечекке кам көрүү” сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болот.
Сынак мектептеги туура тамактануу темасын кеңири жайылтууда жана бүткүл республика боюнча окуучулардын тамактануу шарттарын жакшыртууга багытталган. Мектеп тамак-ашы улуттук программасын жайылтууда маанилүү этап болду.
Аталган сынак Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан россиялык Тармактык тамактануу институтунун (SIFI) колдоосу менен уюштурулду. Ал төрт номинацияда өткөрүлдү: телекөрсөтүү, басма жана онлайн-ЖМК, радио жана блогосфера. Журналистика жана тамактануу жаатындагы эксперттерден турган калыстар тобу катышуучулардын ишин кылдаттык менен баалап, ар бир категориядагы мыктыларды аныктады.
Комментарийлер