МЕКТЕП ОКУУЧУСУ СПОРТТУН МУАЙ- ТАЙ ТҮРҮ БОЮНЧА ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНДУГУНДА КҮМҮШ МЕДАЛЬ БАГЫНДЫРДЫ

  • 24.11.2022
  • 0

Аталган спорттун түрү боюнча күмүш медалды алган эң жаш катышуучу Айдар Каныбеков, №29 мектеп гимназиясынын 7-классынын окуучусу.

МЕКТЕП ОКУУЧУСУ СПОРТТУН МУАЙ- ТАЙ ТҮРҮ БОЮНЧА ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНДУГУНДА КҮМҮШ МЕДАЛЬ БАГЫНДЫРДЫ

Таиланд Королдугунун Паттайя шаарында 15-ноябрдан 25-ноябрга чейин спорттун  Муай-Тай түрү боюнча Дүйнө чемпиондугу өтүп, Кыргызстандын «Муай-Тай» федерациясынын курама командасынан 10 спортчу катышууда.

Алтын медалды Тимур Кутанов багындырса, күмүш байгеге татыктуу болгон Данияр Өмүрбеков менен Акылбек кызы Анжелика жана спортчулардын арасынан эң жаш мектеп окуучусу Айдар Каныбеков, ал эми коло медалды Абдулин Ильяс жана Альберт Бактыбековдор  багындырышты.

Куржуну толо сыйлыкка ээ болгон спортчуларыбыз 26-ноябрда өз өлкөсүнө кайтышат.

МЕКТЕП ОКУУЧУСУ СПОРТТУН МУАЙ- ТАЙ ТҮРҮ БОЮНЧА ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНДУГУНДА КҮМҮШ МЕДАЛЬ БАГЫНДЫРДЫ

Фархат Каныбеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер