МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНЫН РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАСЫ БАШТАЛДЫ
- 11.04.2025
- 0
Бүгүн, 11-апрель 2025-жылы 2024-2025-окуу жылында өткөрүлгөн мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасы башталды. Ч.Айтматов лицейинде өткөн ачылыш аземинде билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова олимпиадачыларды жылуу куттуктап, республикалык турда ийгиликтерди каалады.
Билим берүү жана илим министрлиги зээндүү мектеп окуучуларын аныктоо, алардын билимин өркүндөтүүгө, чыгармачылык жөндөмүн жана изилдөө иштерине болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түзүү, олимпиаданын жеңүүчүлөрүн даярдоочу жогорку квалификациялуу, чыгармачыл окутуучуларды аныктоо жана дем берүү максатында жыл сайын сынак боюнча өткөн көз карандысыз уюмду тартуу менен мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасын өткөрөт.
Олимпиада окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн кыргыз тили жана адабияты, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) кыргыз тили жана адабияты, окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн орус тили жана адабияты, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн орус тили жана адабияты, анлис тили, математика, информатика, физика, химия, биология, география, тарых предметтер боюнча өткөрүлөт.
— 2025-жылдын 11-12-апрелинде мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасынын IV этабы Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов атындагы жана «Айчүрѳк» лицейлеринде графикке ылайык өтөт. Алсак, 11-апрелде «Айчүрѳк» лицейинде — кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, анлис тили жана химия предметтери боюнча; 12-апрелде Ч.Айтматов атындагы лицейде математика, информатика, физика, биология, география, тарых предметтери боюнча өткөрүлөт, — дейт министрликтин башкы адиси А.Кусеинова.
Олимпиадага республика боюнча олимпиаданын III (облустук) этабынын жыйынтыгында 1-2-орунду ээлеген 348 окуучу катышат.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер