Мектеп окуучулары үчүн конкурс

  • 17.09.2024
  • 0

Кара кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата Жогорку Кеңештин депутаттары Элдар Абакиров жана Чингиз Айдарбеков демилгелеген эссе конкурсунун жол-жобосу

Республикалык бул конкурс мектеп окуучулары арасында жүргүзүлөт.

Конкурстун негизги темасы: Өмүрдөн кымбат Ата Журт.

Максаты –“Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар (Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгынын алкагында, мамлекетибизди түптөөдө эли үчүн ак эмгек өтөп, урпакка асыл из калтырып кеткен улуу инсандарыбызды даңазалап, алардын өрнөктүү өмүрүн элге кеңири таанытуу; жаш өспүрүмдөрдү мамлекеттүүлүктүн баалуулугун аздектөөгө чакыруу.

Конкурстун шарты:

Конкурска Республика боюнча 15 жаштан 18 жашка чейинки баардык мектеп окуучулары катыша алышат.

Эсселерди кабыл алуу – конкурс жарыяланган күндөн баштап, 2024-жылдын 25-октябрына чейин жүргүзүлөт. Өмүрү мамлекетибизге пайдубал болгон асыл инсандарды элдин калың катмарына таанытууда өз үлүшүм болсун деген окуучулар эсселерин [email protected] электрондук дарегине жөнөтүүгө тийиш. Тарых жана ата-бабаларды эскерүү майрамын утурлай байге ээлери аныкталып, жогорку баага татыган беш жеңүүчү түз ободо жарыяланат жана аларды байгелик беш ноутбук күтүүдө.

Эссеге баа берүүчүлөр – беш адамдан турган калыстар тобу, илимпоздор жана илим жолун аркалап жүргөн инсандар. Эсселер болушунча калыс бааланышы үчүн конкурс жыйынтыкталганга чейин калыстар тобу да, катышуучулар да купуя болот. Келген эсселер ирети белгиленип гана калыстарга жиберилет. Эссенин автору өзүнүн аты-жөнү жана окуган мектеби, жашаган аймагы туурасында так маалыматты жөнөтүүгө тийиш. Бул маалымат белгиленген мөөнөткө чейин конкурстун жүргүзүүчүлөрүнө гана маалым болот.

Эссеге коюлган сынталаптар:

  1. Эсседе колдонулган маалыматтар тарыхый так, негиздүү болушу зарыл.
  2. Маанилүү окуялар, өмүрү өрнөк инсандардын бейнелери айкын сүрөттөлсө, артыкчылыкка ээ болот.
  3. Көркөмдүгү, идеялык, тарбиялык мазмуну бааланат.
  4. Эссе жазууда грамматикалык каталарга жол берилбеши керек.

Сунуш кылынган темалар (өзүңүз каалаган темада жазсаңыз да болот):

  1. Өлкөм деп, өрттөнгөн өмүрлөр
  2. Ата Журт кыйын күнгө кабылганда,

Айланган уулдарың чагылганга (Ж.М.)

  1. Эрдиги эстен кеткис эрендер
  2. Келечек үчүн шамдай күйүп өчкөн жаш өмүрлөр
  3. Ата Журттун эркиндигин эңсеген эрендер

 Эскертүү: 

  • Word’до, 14-арип көлөмүндө, саптардын аралыгы 1,15 Arial шрифти менен жазылган гана эссе кабыл алынат. Кол жазма түрүндө жөнөтүлгөн эсселер кабыл алынбайт. Титулдук баракча кажет эмес. Бул эрежелер – калыстар тобуна баардыгын бирдей форматта жибергенге жүргүзүүчүлөргө ашыкча жумуш болбошу үчүн зарыл. Эссе барак башынан башталып, аты-жөн, дайын-дарек аягына толук жазылышы керек.
  • ӨҢҮ  кыргызча тамгасы жок дилбаяндар конкурска кабыл алынбайт!
  • Даяр текст автору же түпкү булагы көрсөтүлбөй колдонулса (плагиат болсо) же жасалма интеллект колдонулганы анкталса эссе конкурстан дароо четтетилет.

Дилгир окуучуларга ийгилик каалайбыз!

Бөлүшүү

Комментарийлер