МЕКТЕП МЕДИА КОМАНДАСЫНЫН ИЙГИЛИГИ

  • 28.12.2022
  • 0

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу №14 Абдулла Тангатаров атындагы интернат-гимназиясында @Tangatarov_media  командасы бар.

МЕКТЕП МЕДИА КОМАНДАСЫНЫН ИЙГИЛИГИ

Биздин медиа команда өз ишмердүүлүгүн 2021-жылы баштаган. Media Sabak фондунун түштүк аймагы боюнча координатору Тынчтыкбек Бекташтегин 2021-жылы Ош шаарында медиа сабаттуулуктун жана медиа бурчтардын IV республикалык форумун уюштурган эле, ошондон алган маалыматыбыздын негизинде мектепте аталган медиа команданы түздүк. Мектеп жетекчилиги да бизди колдоого алып, медиага керектелчү атайын каражаттарды сатып берди. Ошентип медиа  командабыздын ишин баштадык. Биздин максат медиа маалыматтык сабаттуулукту, сынчыл ойломду, интернет коопсуздугун жана санариптик сабаттуулукту алдыга жылдыруу болчу. Көп өтпөй Facebook,  Instagram, Youtube жана Telegram соцтармактарында өз каналдарыбызды ачтык жана ал жактан  мектеп турмушундагы түрдүү жаңылыктарды, маалыматты сынчыл көз караш менен керектөөнү, медиа сабаттуу чөйрөнү түзүүгө умтулуу тууралуу, кызыктуу, ары пайдалуу фото, видеолорду чыгарып жаттык. Ошондой эле түрдүү сурамжылоолорду жүргүзүп, маек,  конкурстарды уюштурдук.

МЕКТЕП МЕДИА КОМАНДАСЫНЫН ИЙГИЛИГИ

Аткарып жаткан иштерибизди үстүбүздөгү жылдын 28-октябрында облустук деңгээлдеги “Мектептердеги медиа бурчтардын жана медиа сабаттуулуктун Өзгөн мунарасынан чагылышы” аттуу семинарда көрсөтүп бердик. Биздин медиа бурчтардагы QR коддор, команданын логотиби түшүрүлгөн өзгөчө ручкалар жана жандуу Instagram баракчабыз келген коноктордун купулуна толду.

Гимназияда электрондук журналга жана күндөлүккө өтүп иштеп жатканыбызга үч жылдын жүзү болду. Бул да болсо санариптик билим берүүнү алдыга жылдыруу болуп саналат. Семинардын коноктору биздин окуу жайдын жана медиа команданын ишмердүүлүгү менен таанышып, баа берип, тажрыйба алмашып кетишти.

МЕКТЕП МЕДИА КОМАНДАСЫНЫН ИЙГИЛИГИ

Окуучуларыбыздын билимдеги ийгиликтери  да бараандуу деп айтсак болот. Ага мисал, 2019-2020-окуу жылында Алимжан кызы Курманжан ЖРТдан 214 балл жана 2020-2021-окуу жылында Жолдошова Наргиза 224 балл алып,  “Алтын сертификаттын” ээси болду.

Дагы   бир  урунттуу  окуя тууралуу айтпай кетпесек болбос. КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Байсалов Эдил жана КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Толтоев Эрнис биздеги  түзүлгөн  шарттар:  робототехника, IT one, IPDнин тынчтык клубдары жана башка ийримдери, анын  ичинде биздин @Tangatarov_media  командабыз менен жакындан таанышып кетти.

Мындан тышкары, Өзгөн районундагы 40 ашык бала бакчанын жетекчилерине да медиа бурч түзүүнүн зарылдыгы боюнча семинар өтүп бергенбиз.

Ал эми жакында эле, тагыраак айтканда, 2-декабрда,  биз жараткан ийгиликтер, алдыга койгон максаттарга жасаган аракеттерибиз бааланып, республикалык медиа бурчтардын сынагында алдыңкы ондукка кирип, республикалык медиа бурчтардын V форумунда сыйлыкка ээ болдук. Албетте, бул ийгилик талбаган эмгектин, ынтымактуу команданын жана да жетекчиликтин колдоосу менен ишке ашканы анык.

Азирет  ЗАИДОВ, Ош облусунун Өзгөн районундагы №14 Абдулла Тангатаров атындагы интернат-гимназиясынын мугалими, @Tangatarov_media команданын жетекчиси

Бөлүшүү

Комментарийлер