МЕКТЕП КУРУЛУШУ ЖАНДАНДЫ

  • 14.05.2020
  • 0

Сокулук районундагы Селекционное айылындагы 500 орундук мектептин курулуш иши уланды.

Алты блоктон турган, акыркы үлгүдөгү бардык шарты бар мектептин курулушун колго алган ОСТОПРАК курулуш компаниясынын директорунун орун басары Абдиназар Станбековдун айтымында, азыр ички жасалгаларын жүргүзүп жатышат.

— Учурда бул мектептин курулушунун 85 пайызы аяктап калды. Азыр эшик-терезелери салынып, ички жасалгаларын өзүбүздүн эсебибизден аткарып жатабыз. Эгерде каржылоо иши калыбына келсе, мектеп жаңы окуу жылына карата ишке кирет деп ойлойм. Себеби, былтыр 26-августта өлкөбүздүн президенти өзү келип капсула коюп атканда, мектептин курулушун 1-сентябрга аяктагыла деп ташпырма берип кеткен-дейт.

Анын айтымында, азыр мектеп имаратынын айланасына асфальт төшөө, ажаткана, очоккана куруу, жарыктандыруу системасы, спорт аянтчасы сыяктуу сырткы иштери каржылоо ачылса эле жанданат.

Белгилей кетсек, Кыргызстан боюнча мындай акыркы үлгүдөгү, бардык шарты бар заманбап 15 мектеп курулмакчы. Анын жетөө Чүй облусундагы калк жыш отурукташкан айылдарда, жетөө – Бишкекте жана бирөө Ош облусунда орун алат.

Сокулуктагы мектептин курулушу план боюнча 1-майда аяктамак, бирок учурдагы кырдаалга байланыштуу курулуш иштери бир аз артка жылып, жаңы окуу жылында аяктоону мерчемдеп турушат.

Класстарында көзөмөл камералары орнотулуп, радио классы, лабораториялар жана ошондой эле окуучулардын ден соолугуна кам көрүүчү стоматология кабинети караштырылган мындай заманбап мектептер курулса, балдардын сапаттуу билим алуусуна эң мыкты жардамчы болоорунда шек жок.

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер