МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУНУН ЭМГЕК АКЫСЫ КӨБӨЙӨТ

  • 27.02.2023
  • 0

МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУНУН ЭМГЕК АКЫСЫ КӨБӨЙӨТ

Мектеп директорлорунун эмгек акысы жогорулайт. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн Билим берүү жана илим министрлигинде өткөн жыйында билдирди.

Мектеп директорлорунун эмгек акысын жогорулатууну караган токтомдун долбоору Министрлер Кабинетинин кароосуна коюлган. Бул маселе боюнча тиешелүү акча каражаты бөлүнүп жатканы айкын болду. А.Жапаров республикалык деңгээлде өтүлүп жаткан директорлор сынагы бүтүшүнө байланыштуу кармалып жатканын жана мектеп директорлору менен окуу бөлүм башчылары татыктуу эмгек акы аларын айтып өттү.

Эске салсак, мугалимдердин айлыгы өткөн жылдын биринчи апрелинен тарта көтөрүлгөн. Ал кезде мектеп жетекчилеринин айлыгы өзгөрүүсүз калган жана жаңы окуу жылына карата көбөйтүү убадасы берилген эле.

Учурда Кыргызстанда эки жарым миңге жакын мектеп бар, 2022-2023-окуу жылына карата 260 директорлук орун вакантта турат. Мектеп директорлорунун орточо айлыгы 15 миң сомду, ал эми мугалимдердин орточо айлыгы 21 миң 400 сомду түзөт.

Эмгек акылардын жаңы тариф менен төлөнүү мезгили аныктала элек.

А.Асаналиева “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер