МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУН ТАНДОО: ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ БАРДЫК БОШ ОРУНДАРГА ТАЛАПКЕРЛЕР ТАНДАЛДЫ

  • 23.11.2022
  • 0

2022-жылдын 22-ноябрында Чүй жана Талас облустарынын мамлекетик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөө үчүн өткөрүлгөн компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыгы белгилүү болду.

МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУН ТАНДОО: ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ БАРДЫК БОШ ОРУНДАРГА ТАЛАПКЕРЛЕР ТАНДАЛДЫ

Чүй облусу боюнча тестирлөөгө жалпы 108 адам документ жиберип, 86 талапкер сынакка катышуу укугун алган. Тестке 84 талапкер катышып, анын 37си босого баллдан өттү. Жыйынтыгында 58 ваканттык орундун 21и бош калды.

Ал эми Талас облусу боюнча сынакка 26 талапкер катышып, анын ичинен 14ү 60% жогору упай топтоду. Талас облусу боюнча тестирлөөгө жалпы 34 адам документ жиберип, анын ичинен жетөө документтердин толук пакетин тапшырган эмес. Бардык 14 бош орунга талапкерлер тандалып алынды.

Бөлүшүү

Комментарийлер