МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУН ТАНДОО — 2023: ТЕСТИРЛӨӨ ӨТКӨРҮҮНҮН ГРАФИГИ БЕЛГИЛЕНДИ
- 20.02.2023
- 0
Билим берүү жана илим министрлиги республикадагы мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө сынакты өткөрүүнүн күндөрү белгилүү болгондугун маалымдайт.
Тестирлөө төмөндөгү график боюнча өткөрүлөт:
Бишкек шаары –2023-жылдын 28-февралында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өтөт
Ваканттык орундардын саны – 4
Болжолдуу күтүлгөн талапкерлердин саны (1 орунга 2-3 киши) – 25
Тестирлөө бир нөөмөттө өтүп, ага 25 талапкер катышат.
Ош облусу –2023-жылдын 28-февралында Ош мамлекеттик университетинде өтөт.
Ваканттык орундардын саны – 83
Болжолдуу күтүлгөн талапкерлердин саны (1 орунга 2-3 киши) – 150
Тестирлөө эки нөөмөттө өтүп, ар бир нөөмөткө 75ден талапкер катышат.
Чүй облусу –2023-жылдын 28-февралында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өтөт.
Ваканттык орундардын саны – 43
Болжолдуу күтүлгөн талапкерлердин саны (1 орунга 2-3 киши) – 100
Тестирлөө эки нөөмөттө өтөт.
Талас облусу –2023-жылдын 1-мартында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өтөт.
Ваканттык орундардын саны – 6
Болжолдуу күтүлгөн талапкерлердин саны (1 орунга 2-3 киши) – 20
Тестирлөө бир нөөмөттө өтүп, ага 20 талапкер катышат.
Ысык-Көл облусу –2023-жылдын 1-мартында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өтөт.
Ваканттык орундардын саны – 11
Болжолдуу күтүлгөн талапкерлердин саны (1 орунга 2-3 киши) – 25
Тестирлөө бир нөөмөттө өтүп, ага 25 талапкер катышат.
Нарын облусу –2023-жылдын 1-мартында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өтөт.
Ваканттык орундардын саны – 9
Болжолдуу күтүлгөн талапкерлердин саны (1 орунга 2-3 киши) – 20
Тестирлөө бир нөөмөттө өтүп, ага 20 талапкер катышат.
Жалал-Абад облусу –2023-жылдын 1-мартында Ош мамлекеттик университетинде өтөт.
Ваканттык орундардын саны – 83
Болжолдуу күтүлгөн талапкерлердин саны (1 орунга 2-3 киши) – 150
Тестирлөө эки нөөмөттө өтүп, ар бир нөөмөткө 75ден талапкер катышат.
Баткен облусу –2023-жылдын 2-мартында Ош мамлекеттик университетинде өтөт.
Ваканттык орундардын саны – 36
Болжолдуу күтүлгөн талапкерлердин саны (1 орунга 2-3 киши) – 70
Тестирлөө бир нөөмөттө өтүп, ага 70 талапкер катышат.
Ош шаары –2023-жылдын 2-мартында Ош мамлекеттик университетинде өтөт.
Ваканттык орундардын саны – 1
Болжолдуу күтүлгөн талапкерлердин саны (1 орунга 2-3 киши) – 8
Тестирлөө бир нөөмөттө өтүп, ага 8 талапкер катышат.
Регистрация: 9:00, 12:00
Тестирлөөнүн башталышы: 1-нөөмөт 9:30, 2-нөөмөт 12:30
Апелляциянын башталышы: 16:30
Белгилей кетсек, 2023-жылдын 1-февралында Билим берүү жана илим министрлиги жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө сынак жарыялаган.
Комментарийлер