МЕКТЕП БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮНӨН МУЗЫКАЛЫК БЕЛЕК

  • 28.05.2019
  • 0

Ысык-Ата районундагы А.Айталиев атындагы Туз орто мектебин мындан 20 жыл мурда аяктаган мектеп бүтүрүүчүлөрү өздөрү билим алган мектепке жаңы музыкалык аппаратура тартуулашты.

Ал эми мектепти аяктаганына быйыл 10 жыл болгон Туз орто мектебинин мурдагы бүтүрүүчүлөрү аккордеон жана мектептин жыйындар залынын сахнасына көшөгө, терезе парда жана окуу кабинеттерине 147 даана электр үнөмдөөчү лампочкаларды коюп беришип, мугалимдерин жана мектеп окуучуларын кубанычка бөлөштү.

А.Кашыбаева,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер