МЕКТЕП АШПОЗЧУЛАРЫ КЕСИПТИК ЧЕБЕРЧИЛИГИН ЖОГОРУЛАТЫШАТ

  • 03.09.2021
  • 0

БУУ Дүйнөлүк азык-түлүк программасы быйыл Кыргызстандын баардык облустарынан 165 мектеп ашпозчусун окутууну пландап жатат.

Аталган программанын алкагында ашпозчулар үчүн өткөрүлүп жаткан тренингдин катышуучуларынын бири Шахсанам Полотова Сокулук районундагы Биримкул мектебинде 15 жылдан бери ашпозчу болуп иштеп келатат.  Мындай окутуу ага кесиптик чеберчилигин жана квалификациясын жогорулатууга мүмкүнчүлүк берди. Эми ал 250 окуучуга жаңы үйрөнгөн ыкмаларынын жардамы менен даамдуу тамак-аштарды жасап берип турмакчы.

МЕКТЕП АШПОЗЧУЛАРЫ КЕСИПТИК ЧЕБЕРЧИЛИГИН ЖОГОРУЛАТЫШАТ

— Мектептерде балдарга ысык тамак даярдап берүүнүн мааниси өтө чоң. Биринчиден, анын артында ашпозчулардын баа жеткис эмгеги турат. Биз балдардын ден соолугуна пайдалуу жана даамдуу тамактарды даярдоо үчүн чыгармачылык менен баардык жөндөмдөрдү жумшоого тийишпиз. Анткени балдарга тамак жасоо өтө этияттыкты жана өзгөчө камкордукту талап кылат. Мисалы, балдардын тамагына куурулган тамак-аштарды жана ачуу татымалдарды колдонууга болбойт, — дейт Шахсанам Полотова.

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер