«МЕКТЕБИБИЗ ИНТЕРНЕТКЕ КОШУЛГАНЫ УБАРАКЕРЧИЛИК ЖОЮЛДУ»

  • 29.01.2018
  • 0

"МЕКТЕБИБИЗ ИНТЕРНЕТКЕ КОШУЛГАНЫ УБАРАКЕРЧИЛИК ЖОЮЛДУ"

Чынаркүл  Нуржанова, Чүй облусунун Панфилов районундагы Вознесеновка орто мектебинин директору, КРнын Билим берүүсүнүн отличниги, “Датка-Айым” төш белгисинин ээси

 Электрондук окутуу жана билим берүү алкагында санариптик башкаруу – “Таза коом – жащы доор” улуттук стратегиясынын “Бел болчу билим, из калтырчу илим” программасынын негизги борборун түзөт. Билим берүү жана илим министрлиги бул багытта улуттук концепциянын долбоорун жактырып, окуу-тарбиялоо мекемелеринин алдына орчундуу милдеттерди, максаттарды койду. Электрондук билим берүү программасын турмушка ашырууда мектептер интернетке туташтырылды.

— Туура. Мектебибиз интернетке кошулгандан бери бир топ ыщгайлуу жана сапаттуу жагдайлар түзүлдү. Башкысы – убаракерчилик жоюлду. Убакыт үнөмдөлүп, өзгөчө райБББ менен мектептин маалымат алмашуусунда тез, ыкчам жана натыйжалуу механизмдер орун алды, Иш кагаздарынын жүгүртмөсүн түзүүдө, маалымат булактарын алууда жащы технологиялардын “тилин” билүү – турмуш талабы. Ошондуктан, мугалимдердин кесиптик квалификациясын жогорулатуу зарыл. Себеби, адамдын мүмкүнчүлүгү кещейет. “Таза коомдун” тамыры сого баштайт. Жан дүйнөбүз жащыланат. Билимдин сапаты жогорулайт. Билим гана бийиктикке жол ачат, — дейт директор Чынаркүл Жусупбековна.

“Президенттин да бир кезде мугалим болгону бизди кубантты” дешет мугалимдер

Президент С. Жээнбековдун “2018 – Аймактарды өнүктүрүү жылы жөнүндөгү” Жарлыгы өзгөчө элеттик мугалимдерге дем берип келет. Анын “Менин алгачкы эмгек жолум мугалимдик кесиптен башталган” деген сөзү агартуучулардын аброюн көтөрүп тургандай.

Дегенибиз, окутуу кыргыз, орус тилдеринде жүргүзүлгөн, айланасы арчаларга оролгон, 3 кабаттуу элеттик Вознесеновка орто мектебиндеги жащылануулар Жарлыкка жанашкандай. Мектептин материалдык-техникалык базасын чыщдоодо, инфратүзүмүн өнүктүрүүдө алгылыктуу иштер жаратылган.

Т.а. “Стимгрант” долбоору менен Вознесеновка айыл өкмөтүнүн кызматташуусунда 180ден ашуун эски терезелер жащы жыл алдында пластик түрүнө толук алмаштырылып бүткөрүлгөн. Бул кыш мезгилинде жылуулукту туруктуу сактап турууга негиз болот.

Камкорчулар кещешинин каржылоосунда мектеп ашканасы 360 балага жетиштүү отургучтар, столдор менен камсыздандырылган. О.э. 2 класстын парта, стулдары жащыланган. Актовый залдын сахнасындагы көшөгөлөр, 3 кабаттын файесиндеги терезе жапкычтар алмаштырылып, эстетикалык табит тартуулаган жагдайды түзгөн. Жарым кылым убакыттан бери капиталдык ремонт болбогон спорт залга мамлекет тарабынан 500 мищ сом бөлүнүп, жакынкы күндөрү ощдоо иштери башталганы турат. Кыскасы, түрдүү түмөн иштер иреттүү, сапаттуу жүргүзүлүп келе жатканы кубанычтуу. Башкысы – сапаттуу билимге багыттоодо ыщгайлуу шарттарды түзүү алдыщкы планга коюлган.

Ооба, билим берүүнүн, алуунун негизги куралы – окуу китептери. Китеп  менен камсыздоодо кыргыз – 92, орус класстарында 87 пайызды түзөт. Китепканада “Манас”, Ч. Айтматовдун ж.б.у.с. көркөм чыгармалар, методикалык адабияттар, газета-журналдар өз тематикасына ылайык жайгаштырылып, окурмандарынын санын арттырып барат.

Ал эми предметтик олимпиаданын райондук туруна 24 окуучу катышса, андан 7си байгелүү орундарды багындырып, 3 окуучу облуска жолдомо алышкан.

Сан жактан өсүү сапатка өз таасирин тийгизип келет. Мындай аракеттер, иштиктүү ийгиликтер сапаттуу билим, терещ тарбия берүүгө, инсандык асыл дөөлөттөргө, улуттук баалуулуктарга багыттоо жумуштарына ширетилген.

“Жаш мугалимдер мектеби” жаңы табылга

Кеп коломтосу козголуп, омоктуу ойлор нотага түшүрүлүп жаткан мектепте мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалган. Биздин байкообузда: Окутуу кош тилде (орус, кыргыз) жүргүзүлгөн мектептерде окуучулар бири-бири менен пикирлешүүдө, сүйлөшүүдө, маалымат алмашууда кандайдыр бир шарттуу механизмдер түзүлүп, “жандуу сөздүк” блогу түзүлгөндөй элес калтырат.

Ошондой болгон күндө да тил маданиятын, грамматикалык негиздерин калыптоо максатында “Бейшемби – кыргыз тили күнү” салтанаттуу майрамдай өтүлөт. Анын сапаттуулугун катарлаша илинген дубал гезиттерден эле баяндоого болот. Мектептин педжамаатынын курамын жаштар басымдуулук кылгандыктан маданий массалык иштер байма-бай өткөрүлүп келинет. Баса, “Жаш  мугалимдер мектеби” да түзүлгөн. Аны чыгармачыл мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, КРнын Билим берүүсүнүн отличниги Бурма Жумагулова жетекчиликке алат. Анда насаатчы мугалимдер менен биргеликте билим, тарбия берүүдөгү инновациялык табылгалар талкууланат. Мамлекеттик стандарт, окутуунун жащы технологиялары, алдыщкы тажрыйба ж.б.лар негизги өзөктүү маселеге айланган. Алдыщкы мугалимдер: З. Шабданова, Г. Мамытбекова, Л. Дождикова, Л. Дорохова, Г. Айткулова, Г. Асанова. Г. Бөрүбаева, Б. Байтемирова, О. Бурякова жана Л. Сыргатаевалар талкуулануучу маселелердин туу чокусунда пайдалуу кеп-кещештерин тартуулашат.

"МЕКТЕБИБИЗ ИНТЕРНЕТКЕ КОШУЛГАНЫ УБАРАКЕРЧИЛИК ЖОЮЛДУ"

Сүрөттө: Окуу бөлүмүнүн башчысы Б. Жумагулова мугалидер: Ж. Жаилова, Г. Уралиева, Г. Айткулова, А. Кошоева жана А. Маткабыловалар менен биргеликте “Жащы технология – маалымат булагы” темасындагы семинар-тренингге даярданууда.

Албетте, ар бир жумуштун жащылыгы – бүгүнкү табылга болсо, эртещкинин камылгасы, келечектин кощгуроосу.

Жаш муундарды мектеп турмушуна тартууда класстан жана мектептен сырткаркы иштердин ролу зор. Бул багытта да ийгиликтер коштоп келет.

Маселен, М. Алыбаевдин 100 жылдыгына карата “М. Алыбаев – чебер лирик, курч сатирик” темасында поэзия кечелери жандуу өткөрүлгөн. Анын “Сот болгон коён” чыгармасын сахналаштырып, облустук дещгээлде көрсөтүшкөн жана баалуу сыйлыктарга татыктуу болушкан. Ал эми үстүбүздөгү жылы Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына карата “Издерин издегим келет” тематикасында сүрөт көргөзмөлөр, көркөм окуулар, декадалар ирети менен өткөрүлө баштаган. Мындай иш чараларды өткөрүүдө көркөм өнөр чыгармачыл топтор, “Айжаз” бийчилер тобу коштоп жүрөт.

+з ишин сүйгөн тарбия иштеринин уюштуруучусу, “Менин сүйүктүү мугалимим” төш белгисинин ээси Жылдыз Джаилованын демилгеси менен бардык иштер жогорку баага татып келет.

Ден-соолукту чыщдоо, спортук оюндар мектеп жамаатынын сүйүктүү майрамы. Окуучулар футбол боюнча өткөрүлгөн турнирде  райондо 1-орунду ээлешип, облуста байгелүү орундарды багындырышкан. Ал эми мугалимдер волейбол боюнча өткөрүлгөн спартакиадада өз жеринде гана эмес, кощшулаш райондор аралык мелдеште баш байгени колдон чыгарышпайт.

Ырас, аткарылган иштер арбын. Кандай болгон күндө да сапаттуу билимге, татыктуу тарбияга багытталганы – мезгил үнү. Мектептин башкы максаты – Адамдын инсандык маданияттуулугун, интеллектуалдык компоненттүүлүгүн, билимдеги сапаттуулугун, жашоодогу өздүк МЕНин ачуу.

Ибраим Чотов,

“КБнын” өз кабарчысы.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер