«МЕКЕНДИ КОРГОО – ЫЙЫК МИЛДЕТ»

  • 24.02.2020
  • 0

Борбор шаарыбыздагы №83 орто мектебинде Мекен сакчылар күнүнө карата «Мекенди коргоо –ыйык милдет» аттуу класстык саат болуп өттү.

«МЕКЕНДИ КОРГОО – ЫЙЫК МИЛДЕТ»

Бул мектепте даталуу күндөргө карата ар кандай темадагы иш-чараларды уюштуруу жакшы салтка айланган. Педагогдордун пикиринде мындай кылганда, окуучулар мектеп партасынан ар бир даталуу күндүн маанисин, анын биздин жашообуздагы ордун дыкат үйрөнүшөт.

«МЕКЕНДИ КОРГОО – ЫЙЫК МИЛДЕТ»

Башталгыч класстар мугалими, бул күнкү иш-чаранын уюштуруучусу Дуулат кызы Мээримдин айтуусунда, даталуу күндү белгилөө менен окуучулар жаштайынан мекенчилдикке тарбияланышат.

«МЕКЕНДИ КОРГОО – ЫЙЫК МИЛДЕТ»

— Балдар жаштайынан өз өлкөсүн сүйүүгө, анын көз каранды эместигин, бүтүндүгүн коргоого тарбияланышы керек. Мында бизге мекен темасындагы ыр-күүлөрдүн, аскердик ырлар-бийлердин пайдасы зор, — дейт педагог.

А.Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер