МЕКЕНЧИЛДИК МЕКТЕБИ: КЫЗЫЛ-КЫЯДА ЗАМАНБАП АЧД КААНАСЫ АЧЫЛДЫ

  • 28.05.2026
  • 0

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарына караштуу Караван айылындагы №10 А.П.Гайдар атындагы жалпы билим берүү мектебинде өзгөчө салтанат болуп өттү. Анда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин урматына арналган заманбап №26 Аскерге чейинки даярдоо (АЧД) каанасынын ачылыш аземи өткөрүлдү. Бул саамалык мектеп жамааты үчүн эле эмес, аймактагы аскердик-патриоттук тарбия берүүнү жаңы деңгээлге көтөргөн маанилүү окуя катары тарыхта калмакчы.

Саамалыктын демилгечилери жана демөөрчүлөр

Бул иш-чара мектептин директору Абдуллаев Алибек Далибаевичтин жетекчилиги астында жана Республикалык «Мекенди коргоочулар» коомдук бирикмесинин төрагасы Эшанкулов Джайлообай Газыбековичтин демилгеси менен түзүлдү. Билим берүү тармагынын өкүлдөрү менен биргеликте, уюштуруу иштерине өзгөчө көмөк көрсөткөн Буванова Чаманхан эже жана улуттук баалуулуктарды туу туткан Кадыровдордун үй-бүлөсү демөөрчүлүк кылышты.

МЕКЕНЧИЛДИК МЕКТЕБИ: КЫЗЫЛ-КЫЯДА ЗАМАНБАП АЧД КААНАСЫ АЧЫЛДЫ

Мектеп директору А.Д.Абдуллаев өз сөзүндө жаштарды аскердик-патриоттук духта тарбиялоо мамлекеттик деңгээлдеги артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгилеп, коомдук бирикмеге жана демөөрчүлөргө терең ыраазычылык билдирди:

«Азыркы учурда мектептерде Аскерге чейинки даярдык кааналарын заман талабына ылайык уюштуруу — өтө актуалдуу маселе. Бул каана жөн гана окуу бөлмөсү эмес, жаш муунду жоопкерчиликке, тартипке жана Мекенди сүйүүгө үйрөтүүчү башкы тарбия борборуна айланат», — деди мектеп жетекчиси.

Салтанаттуу иш-чарага республикалык деңгээлдеги аскер кызматкерлери, билим берүү кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты:

  • Эшанкулов Джайлообай Газыбекович — Республикалык «Мекенди коргоочулар» коомдук бирикмесинин төрагасы;
  • Чыйбылова Асель Жээнчороевна — Республикалык жоокерлердин энелер комитетинин Баткен облусундагы өкүлү, майор;
  • Матибраимов Маматсабыр Райимбекович — «Мекенди коргоочулар» коомдук бирикмесинин аймактык координатору, полковник;
  • Эрматов Kимсан Токоевич — коомдук бирикменин Жалал-Абад облусундагы өкүлү, полковник;
  • Бабаев Илязбек Дооранбекович — Кызыл-Кыя шаарынын вице-мэри;
  • Сайдумар Джороев — Баткен согушунун Кызыл-Кыя шаардык ардагерлер кеңешинин төрагасы;
  • Дүйшөбаева Жыпаргүл Мамасалыевна — Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси.

Аземдин эң толкунданткан учуру — тарыхый эс тутумга таазим кылуу мүнөттөрү болду. Иш-чаранын жүрүшүндө Улуу Ата Мекендик согуштун баатырлары, Афган согушунун ардагерлери, ошондой эле 1999-жылдагы жана 2021–2022-жылдардагы Баткен окуяларында курман болгон Мекен коргоочулар эскерилип, алардын рухуна багышталып куран окулду.

МЕКЕНЧИЛДИК МЕКТЕБИ: КЫЗЫЛ-КЫЯДА ЗАМАНБАП АЧД КААНАСЫ АЧЫЛДЫ

Иш-чаранын соңунда мекенчилдик духту көтөрүүдөгү жана билим берүүгө кошкон салымы үчүн бир катар инсандар сыйланышты. Кызыл-Кыя шаарынын мэри Бакытбек Кошалиевдин атынан бирикменин төрагасы Джайлообай Эшанкуловго Ардак грамота, ал эми полковник Маматсабыр Матибраимовго Төш белги тапшырылды. Мындан сырткары, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин төрагасы Асилбек Мурзаевдин атынан «Мекенди коргоо» бирикмесинин өкүлдөрүнө Ыраазычылык каттар берилди.

Жаңы ачылган №26 АЧД каанасынын башкы максаты:

  1. Окуучуларга баштапкы аскердик билим берүүнүн сапатын жогорулатуу;
  2. Аскердик тартипке, тактыкка жана жоопкерчиликке тарбиялоо;
  3. Жаштарды Ата Мекенди коргоого психологиялык жана физикалык жактан даярдоо;
  4. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн уставдарын терең үйрөтүү;
  5. Окуучулардын жарандык позициясын бекемдөө.

Жаңы ачылган АЧД каанасы заманбап көрсөтмө куралдар, усулдук адабияттар жана аскердик даярдыкка керектүү каражаттар менен жабдылган. Бул агартуу очогу келечекте мектеп партасынан тартып эле өлкөнүн коопсуздугуна кам көргөн, мекенчил, эрктүү жана татыктуу жарандарды тарбиялап чыгаруучу негизги усулдук борборлордун бирине айланары шексиз. Саамалыктын соңунда Джайлообай Эшанкулов билим берүү кызматкерлерине жана жергиликтүү бийликке көрсөткөн колдоолору үчүн терең ыраазычылык билдирип, өнөктөштүк иштери мындан ары да уланарын баса белгиледи.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер