МЕДИЦИНАЛЫК ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН РЕКТОРЛОРУНА ПРОТОКОЛДУК ТАПШЫРМАЛАР БЕРИЛДИ

  • 16.04.2022
  • 0

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев медициналык адистерди даярдоо программаларын ишке ашырган жогорку окуу жайлардын ректорлору менен кеңешме өткөрдү. Кеңешмеде Кыргызстандагы жогорку медициналык билим берүүнүн сапатын жогорулатуу маселелерин талкууланды.

МЕДИЦИНАЛЫК ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН РЕКТОРЛОРУНА ПРОТОКОЛДУК ТАПШЫРМАЛАР БЕРИЛДИ

 Талкуунун жыйынтыгында министр жогорку окуу жайлардын ректорлоруна 2022-жылдын 15-июнуна чейин:

— КРнын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан берилүүчү № 6 формага байланыштуу талаштуу маселелерди чечүү боюнча чара көрүүнү;

— 3 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөттөгү эл аралык программалык аккредитациядан өтүүнү камсыздоону;

— окутуучулардын 1,75 ставкадан ашпоого тийиш болгон окуу жүгү боюнча талаптардын аткарылышын камсыз кылууну;

— профессордук-окутуучулук курамдын окуу жүгү тууралуу маалыматтарды Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку жана орто кесиптик билим берүү башкармалыгына берүүнү;

— жогорку окуу жайды клиникалык база (көп профилдүү клиника) менен камсыздоо маселесин чечүүнү;

— чет өлкөлүк студенттердин окуу акысынын өлчөмүн жылына 3000 АКШ долларынан кем эмес кылуу боюнча чара көрүүнү;  

— китепканаларды англис тилиндеги жаңы окуу китептери менен камсыздоону;

— профессордук-окутуучулук курамдын төмөнкүдөй деңгээлде англис тилин милдеттүү түрдө билүүсүн камсыз кылууну табыштады:

TOEFL IBT – 55 балл;

TOEFL IBP – 460 балл;

TOEFL Essentials – 5 балл;

TOEIC Reading and listening – 550 балл;

TOEIC Speaking and Writing – 240 балл;

IELTS – 5.5 балл.

Медициналык жогорку окуу жайлар жогоруда көрсөтүлгөн протоколдук тапшырмаларды аткарбаган учурда кийинки окуу жылына абитуриенттерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнөн кол жуушат.

 Ушул тапта Кыргызстанда медициналык адистерди даярдоо программаларын ишке ашырган 23 жогорку окуу жай иштеп жатат, алардын 6 – мамлекеттик жогорку окуу жайлар, 17 – мамлекеттик эмес жогорку окуу жайлар.

 КР БИМ басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер