МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖДЕРДИН ОКУТУУЧУЛАРЫ КЕСИПТИК ЧЕБЕРЧИЛИГИН ЖОГОРУЛАТУУДА

  • 13.02.2020
  • 0

Бишкек медициналык колледжинде 10-февралдан бери республикадагы орто кесиптик окуу жайлардын окутуучулары кесиптик чеберчилигин жогорулатышууда.

МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖДЕРДИН ОКУТУУЧУЛАРЫ КЕСИПТИК ЧЕБЕРЧИЛИГИН ЖОГОРУЛАТУУДА

Иш-чаранын алкагында «Үй-бүлөлүк медицинадагы мед айымдык иштин тандалган суроолору» аттуу тренинг болуп,  ага Кара-Балта, Майлуу-Суу жана Бишкек медколледждеринин окутуучулары катышты. Аны С.Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун (КММКДжКЖИ) үй-бүлөлүк медицинадагы медайымдык иш кафедрасынын окутуучулары өтүштү.

Үзгүлтүксүз медициналык билим берүү системасы бүгүнкү күндүн талабына жооп берген, тийиштүү квалификацияга ээ, компетенттүү окутуучуларды даярдоого жоопкер. КММКДжКЖИнин окутуучулары бул багытта алгылыктуу иштерди аткарып жатышат. БМКнын базасында өтүп жаткан тренингде медайымдык процесстерди аткаруу этаптары, энени жана баланы коргоонун, паллиативдик жардамдын, АИВ/СПИДди алдын алуу, шашылыш жагдайда жардам көрсөтүүнүн артыкчылык маселелери каралып, талкууга алынды, — дейт директордун мамлекеттик тил боюнча орун басары М.Шатманалиев.

Беш күнгө созулган тренингде эл аралык волонтерлор: Ден Джонстон (АКШдан келген медмырза), Ден Гилберт (англиялык үй-бүлөлүк дарыгер), Аманда Меритт (Флоренц Найтингейл атындагы боорукерлик мектептин бүтүрүүчүсү)  катышып, инсульттан кийин калыбына келтирүү жана кулак оорулуунун медайымдык кароонун суроолору боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүп, акыркы үлгүдөгү медициналык аспап-куралдарды пайдалануу, колдонуунун ыкмаларын көрсөтүп беришти.

Иш-чарада андан сырткары бүт дүйнөгө түйшүк  салган таажылуу (корона) вирустун жаӊы түрү боюнча да маалымат берилди.

Бөлүшүү

Комментарийлер