МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖДЕР ЖАБЫЛБАЙТ

  • 26.04.2022
  • 0

Өткөн жума соңунда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 12 жеке медициналык колледжди жабуу боюнча буйрук чыгарган. Ал бул чечимин аталган окуу жайларда студенттердин практикалык билим алуусу үчүн толук шарттар түзүлбөгөнү менен түшүндүргөн. Мыйзамга ылайык окуу жайларга лицензия мөөнөтсүз берилет жана ал үч учурда гана артка кайтарылат. Биринчиси — юридикалык жак өзү расмий түрдө юридикалык жак катары жабылып жатабыз деген кат менен кайрылганда, экинчиси — юридикалык жак болуп кала берип, бирок билим берүү ишмердигин токтотуп жаткан болсо, арыз менен кайрылганда, үчүнчүсү — соттун чечими менен.

Негизи окуу жайлардын билим берүү ишмердигин көзөмөлгө алуу Саламаттыкты сактоо министрлигине эмес, Билим берүү жана илим министрлигине жүктөлгөн.

Бөлүшүү

Комментарийлер