МЕДИАСАБАТТУУ БОЛ

  • 16.11.2022
  • 0

МЕДИАСАБАТТУУ БОЛ

Өзгөн районундагы №14 А. Тангатаров атындагы интернат-гимназиясынын жана Т. Асранов атындагы инновациялык орто мектебинин базасында «Мектептик медиа бурчтардын жана медиасабаттуулуктун Өзгөн мунарасы аркылуу чагылышы» аттуу облустук семинар уюштурулду. Бул тууралуу Ош билим берүү институтунун кызматкери,  «МедиаСабак» коомдук фондунун Түштүк региону боюнча координатору  Тынчтыкбек Досмуратов билдирди.

МЕДИАСАБАТТУУ БОЛ

Маалыматка ылайык, иш-чара Ош билим берүү институтунун жылдык планына ылайык өтүп, ага облустун райондорунан, ошондой эле Ош шаарынан мектептик медиа бурчтарды уюштуруп келаткан мугалимдер, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүндөгү медиасабаттуулук боюнча жооптуу усулчулар, Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери катышты. Катышуучулар №14 А.Тангатаров атындагы интернат-гимназиясынын медиа борбору, акылдуу мектеп долбоору, IPD тынчтык куруучулар клубунун жана IT ийриминин ишмердүүлүгү менен таанышып, өз пикир-сунуштарын билдиришти. Андан тышкары катышуучулар үчүн Т. Асранов атындагы инновациялык орто мектебинин этно көргөзмөсүнө саякат уюштурулуп, окуучулардын медиа жаатындагы эмгектери менен таанышышты. Артынан бул мектептин медиа бурчуна жооптуу окуучулар менен мугалими атайын мастер-класстарды көрсөтүп беришти.

Соңунда Өзгөн мунарасында К. Раимбеков атындагы мектеп-гимназиясынын окуучулары өз таланттарын тартуулашып, келген конокторду тарыхый жайлар менен тааныштырды. Иш-чара облустук семинарды уюштурууга кошкон салымдары үчүн аталган мектептердин эмгек жамааттарын, ошондой эле алдыңкы иш-тажрыйбасы жайылтылган мугалимдерди Ош билим берүү институтунун Ыраазылык баракчалары, Ардак грамоталары менен сыйлоо менен жыйынтыкталган.

Эске сала кетсек, Ош облусундагы жана Ош шаарындагы мугалимдер медиасабаттуулук жаатындагы алдыңкы иш-тажрыйбаларды жайылтуу максатында кезектешип иш-чара өткөрүүнү адатка айлантышкан.

Бөлүшүү

Комментарийлер