МАТЕМАТИКА — БАРДЫК ИЛИМДЕРДИН ПАЙДУБАЛЫ
- 20.10.2025
- 0
Талас облусунун Манас районуна караштуу Цыренин орто мектебинде «Математика — бардык илимдердин пайдубалы» аттуу математика сабагынын мугалимдеринин облустук семинары өтүлдү.

Семинардын башкы максаты — логикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү, эсептөөлөрдү жүргүзүү, мыйзам ченемдүүлүктөрдү табуу жана аларды жашоодо, илимде, технологияда колдоно билүү.



— Облус аймагындагы педагогдордун тажрыйба алмашуу семинарлары байма-бай өз убагында өтүлөт. Манас райондук билим берүү бөлүмүнө жана Цыренин орто мектебинин жалпы жамаатына терең ыраазычылык билдиребиз. Бул да болсо мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатууда чоң өбөлгө түзөт, — дейт Талас билим берүү усулдук борборунун усулчусу Чолпон Кермалиева.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Бөлүшүү
Комментарийлер