«МАРАЛ-ЭНЕ» УЛАМЫШЫНЫН ЫЙМАНДЫК-ЭКОЛОГИЯЛЫК ТААЛИМ-ТАРБИЯСЫ ТУУРАЛУУ МАКАЛА КЫТАЙ ТИЛИНДЕ ЖАРЫК КӨРДҮ

  • 12.06.2020
  • 0

Кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” повестинин сюжетине кошулган жана чыгарманынын бүтүндөй өзөгү менен күрөө тамырдай байланышып турган Марал-Эне тууралуу уламыштын бүгүнкү күндөгү педагогикалык-этикалык, адабий-философиялык, экологиялык наркы жөнүндө И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин педагогика кафедрасынын профессору, педагогика илимдеринин доктору Абдыкерим Муратовдун макаласы Кытайда ханзу (кытай) тилинде жарык көрдү. Бул тууралуу бизге педагогика илимдеринин доктору Кыялбек Акматов кабарлады.

Көлөмдүү макалада жазуучу колдонгон миф ааламдашуу доорунда ар бир адамдын кулк-мүнөзүн, ой жүгүртүүсүн, турмуштук позициясын өзгөртүүчү кудуреттүү күч экендиги, маралдарга кол салуу ата-тегине кол салуу гана эмес, адамзаттын келечегине бөгөт коюу да экендиги айтылат.

Эмгек чет элдик адабияттарды изилдөө боюнча Кытайдагы эң популярдуу журналга басылган (轮船》中鹿母传说的生态道德与民族教育观念 阿布德克里姆·穆拉托夫著 王孝冉 梁坤校) жана англис тилинде кенен аннотация берилген (“The Ideas of Ecological Moral and Ethnic Education in the Myth of the “Mother-Deer” of The White Ship” // Foreign Literature Studies. Wuhan China. – 2020. – vol. 42. №01. February. – 54-64.)

Журнал SCOPUS, EBSCO, MLA, ABELL, CSSCL даражасындагы илимий басылмалардын каттоосуна алынган.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер