“МАНАСТА” СПОРТТУК САЛТТУУ ОЮНДАРДЫН МАЙДАНЫ АЧЫЛАТ

  • 15.06.2022
  • 0

Бүгүн Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Спорттук салттуу оюндардын майданынын ачылыш салтанаты жана «Спорттук оюндар кубогу» ѳтѳт.

Иш-чара Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы Билал Эрдогандын катышуусу менен өтөт. Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасындагы гана эмес, дүйнѳлүк масштабдагы жалпы окуу жайлардын ичинен “Манас” университети биринчилерден болуп, Түрк тилдүү элдердин спорттук-салттуу оюндарын уюштуруп, атайын ат майданын ачып жатат. Университет ата-бабалардын унутта калып бара жаткан салттуу оюндарын жандантууга кам кѳрүп келет. Ушундан улам окуу жайда Салттуу оюндар жана спорт изилдѳѳ борбору атайын институтка айландырылган. Негизи максаты — түпкү маданиятыбыздын ѳзѳгүн түзгѳн салттуу оюндарды жайылтып, түпкү тамырыбыз, тегибиз менен байланышыбызды бекемдѳѳ жана жаштардын кызыгуусун башка нукка буруу. Бул багытта тогуз коргоол, жаа атуу, кѳк бѳрү оюндарын ѳткѳрүү максатында кампуста биринчи жолу салттуу оюндар аянтчасы түзүлдү. Ошондой эле атайын “Манас” университетинин кѳк бѳрү командасы да түзүлгѳн.

Бөлүшүү

Комментарийлер