«МАНАС» УНИВЕРСИТЕТИНДЕ ЭКИ ТОМДУК «КЫРГЫЗЧА-ТҮРКЧӨ СӨЗДҮК» ТҮЗҮЛДҮ

  • 30.11.2017
  • 0

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин гуманитардык факультетине караштуу синхрондук котормо бөлүмүнүн окутуучулары тарабынан даярдалган эки томдук «Кыргызча-түркчө сөздүктүн» бет ачар аземи 30-ноябрда окуу жайда болот.

Сөздүк университеттин жыйырма жылдык мааракесине карата Түрк цивилизациясын изилдөө борборунун долбоорунун алкагында гуманитардык факультетинин Синхрондук котормо бөлүмүнүн окутуучулары ф.и.д, проф. Экрем Арыкоглу, PhD, ага окутуучу Жылдыз Алимова, ага окутуучу Рахат Аскарова жана PhD, окутуучу Билге Каган Селчук тарабынан түзүлдү.

2000 беттен ашык көлөмдө 74 миңден ашык сөздү камтыган бул сөздүк буга чейинки эмгектердин арасынан эң көлөмдүүсү болуп эсептелет. Сөздүк Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында түзүлүп, элүү миңден ашык сөз камтылган «Кыргыз тилинин сөздүгү» негизги булак болду. Ал эми толуктоо катары киргизилген сөздөр Х. Карасаевдин сексен миңге жакын сөздү камтыган «Орфографиялык сөздүгүнөн» алынып, алардын маанилери жазылды.

Сөздүктү түзүүгө Б.Шаршембаев тарабынан даярдалган жана «Манас» эпосу баштаган элдик оозеки чыгармачылыктын үлгүлөрүнөн тартып, заманбап адабий чыгармаларга чейин киргизилип, миллиондон ашуун сөздөн турган корпус колдонулду.

Аталган корпуста сөздөр алфавит боюнча жайгаштырылып, ар бир сөз мисалдары менен бирге берилген. Корпус «Кыргыз тилинин сөздүгүндө» кездешпеген сөздөрдү табууга, сөздөрдүн сөздүктөгү маанилерин толуктоого жана ар бир сөз үчүн мисалдарды табууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Айрыкча сөздүк түзүү учурунда Түркиянын Түрк тили куруму тарабынан түзүлгөн «Түрк тилинин түшүндүрмө сөздүгү» да таяныч материал катары колдонулду. Кыргыз тилиндеги сөздөрдүн маанилери «Түрк тилинин түшүндүрмө сөздүгүндөгү» сөздөр менен салыштырылып толукталды. Натыйжада кыргыз тилиндеги сөздөрдүн буга чейинки сөздүктөрдө берилбеген маанилери кошумчаланып жазылды. Мындан улам, бул эмгек кыргыз тилиндеги сөздөрдүн маанилеринин мүмкүн болушунча толук берилиши менен да айырмаланат.

Бөлүшүү

Комментарийлер