“МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИ — «TIMES HIGHER EDUCATION IMPACT RANKING» РЕЙТИНГИНЕ КИРДИ

  • 16.05.2022
  • 0

Кыргыз-Түрк “Манас” университети дүйнөлүк университеттердин престиждүү Times Higher Education (THE) Impact Ranking 2022 рейтингине кирди. Бул тууралуу  окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.“МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИ - «TIMES HIGHER EDUCATION IMPACT RANKING» РЕЙТИНГИНЕ КИРДИ

“Манас” университети «Times Higher Education (THE) Impact Ranking» эл аралык рейтингине кирген Кыргызстандагы биринчи жогорку окуу жайы болуп калды.

THE Impact Ranking дүйнөлүк университеттердин БУУнун туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүдөгү ийгилигин өлчөйт.

Уюштуруучулар тѳрт багытта комплекстүү жана тең салмактуу салыштыруу үчүн калибрленген көрсөткүчтөрдү колдонушкан: изилдөө (изилдөө), аутрич — максаттуу топтун (социалдык жактан аялуу катмарынын) социалдык кызматтарды камтуусу боюнча иштер; башкаруу (башкаруучулук) — ресурстарды жоопкерчиликтүү пландаштыруу жана башкаруу: айлана-чөйрөнү, жаратылышты, экономиканы, ден соолукту, мүлктү, маалымат.

Жалпы рейтингде Кыргыз-Түрк «Манас» университети 106 ѳлкѳдѳн 1406 университеттин ичинен 1001+ тайпасына кирген.

Рейтинг 2030-жылга чейинки мезгилге Бириккен Улуттар Уюму тарабынан түзүлгөн Туруктуу өнүгүү максаттарын (ТӨМ) ишке ашыруу процессине университеттердин таасирин баалоого арналган. Жалпы THE University Impact Rankings катышуу үчүн университет кеминде төрт SDG, анын ичинде SDG №17 — туруктуу өнүгүү үчүн өнөктөштүккө жетишүүгө катышуусу керек. Пилоттук рейтинг 2019-жылы чыгарылган. 2020-жылы рейтинг биринчи жолу бардык 17 SDG үчүн жарыяланган.

Бөлүшүү

Комментарийлер