«Мурасты сактап – келечекти жаратабыз!» эл аралык форуму өттү

  • 28.06.2026
  • 0

Бүгүн, 28-июнда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын балалык» комплексинде «Мурасты сактап – келечекти жаратабыз!» аттуу эл аралык форум өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жана «Алтын түйүн» Улуттук балдардын инженердик-техникалык академиясы тарабынан уюштурулуп жаткан «TechNomads» эл аралык фестивалынын алкагында өткөрүлдү.

«Мурасты сактап – келечекти жаратабыз!» эл аралык форуму өттү

Форумга Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан келген жаш ойлоп табуучулар, окумуштуулар, эксперттер жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышты.

Форумдун жүрүшүндө катышуучулар төрт негизги багыт боюнча пикир алышты:

* илим менен салттуу билимдерди айкалыштыруу;
* экология жана Ысык-Көлдү коргоо;
* санариптик коопсуздук жана кибербуллингге каршы күрөш;
* этноспортту жаштар арасында өнүктүрүү.

«Мурасты сактап – келечекти жаратабыз!» эл аралык форуму өттү

Ошондой эле адистер маданий мурасты сактоо, заманбап технологияларды өнүктүрүү, экологиялык маданиятты калыптандыруу жана санариптик коопсуздукту камсыз кылуу боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүп, эл аралык кызматташтыкты чыңдоонун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Бөлүшүү

Комментарийлер