“МАНАС” ТРИОЛОГИЯСЫНЫН 25 КИТЕБИ ЖАРЫК КӨРДҮ

  • 11.02.2019
  • 0

Кол жазмалар фондунан алынган, мурда жарыялана элек “Манас” трилогиясынын варианттарынын, “Манас”, “Сагымбай”, “Саякбай” энциклопедияларынын жана “Классикалык изилдөөлөр” сериясынын бет ачары 5-февралда болду. Бул эмгектер Мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасынын алкагында Улуттук илимдер академиясынын Тил жана адабият институту тарабынан даярдалып, жарык көрдү.

“МАНАС” ТРИОЛОГИЯСЫНЫН 25 КИТЕБИ ЖАРЫК КӨРДҮ

Иш-чарада Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан даярдалып, академик Абдылдажан Акматалиевдин жалпы редакциясынын астында жарык көргөн “Манас” үчилтигинин алгачкы жолу жарыяланып жаткан  20дан ашуун: Ыбырайым Абдырахманов, Актан Тыныбеков, Жакшылык Сарыков, Алмабек Тойчубеков, М. Ашымбаев, Жаңыбай Кожеков, Чокон Валиханов, И.Жумабеков, Дуңкана Кочукеев, Кааба Атабеков, Уркаш Мамбеталиев, Тоголок Молдо, Мамбет Чокморов, Багыш Сазанов, Молдобасан Мусулманкулов сыяктуу манасчылардын варианттары жана Акмат Рысмендеев, Сагымбай Орозбаков, Саякбай Каралаев, Шапак Рысмендеев, Самар Мусаев менен Зияш Бектеновдун кара сөз түрүндөгү “Манас” эпосу, “Манас” энциклопедиясынын 2 томдугу, “Классикалык изилдөөлөр” боюнча “Манас” эпосуна арналган изилдөөлөр, “Манас” үчилтиги боюнча 1-том, “Манас” (тарых, генезис, типология) 2-томдуктар боюнча китеп көргөзмөсү уюштурулду. Ошондой эле Кол жазмалар фондунда сакталган манасчылардын кол жазмаларынын түп нускалары боюнча окумуштуулар тарабынан кыскача маалыматтар берилди.

  • “Манас” эпосу боюнча буга чейин жарык көргөн варианттарда түрдүү себептерден улам көп окуялар кыскарып калган, бирок кол жазмалардын бардыгы Илимдер академиясынын архивинде сакталып калган. Эң башкысы Самар Мусаев, Кеңеш Кырбашев, Эшеналы Абдылдаев, Раиса Кыдырбаева, Айнек Жайнакова сыяктуу тажрыйбалуу илимпоздор бул эмгектердин сакталып калышына чоң эмгек сиңиришкен. Бирок көбү чыкпай калган. Айтсак, Багыш Сазанов, Тоголок Молдо, Дуңкана Кочукеев, Молдобасан Мусулманкулов, Жаңыбай Кожеков сыяктуу дагы бир катар манасчылардын варианттары кол жазма тейинче турган. Ошолордун баарын окумуштуулар араб, латын арибинен кандай болсо ошондой кылып биздин арипке которушуп, биринчи жолу окурмандарга жеткирип жатабыз, — дейт аткарылган иштердин башында турган академик Абдылдажан Акматалиев.

“МАНАС” ТРИОЛОГИЯСЫНЫН 25 КИТЕБИ ЖАРЫК КӨРДҮ

Ал эми “Сагымбай” энциклопедиясы менен “Саякбай” энциклопедиясы совет мезгилинде түзүлгөн энциклопедиядан ажыратылып, өзүнчө түзүлүп чыкты.

  • Өзүңөр билесиңер энциклопедияны түзүш абдан татаал, машакатттуу иш, илимдин эң жогорку чеги – бул энциклопедия болуп саналат. Биздин улуу муундагы авторлор Манастын энциклопедиясынын эки томдугун совет учурунда түзүшкөн, биз ошону Сагымбай Орозбаковдукун өзүнчө, Саякбай Каралаевдикин өзүнчө кылып экиге ажыраттык. “Сагымбай” энциклопедиясында Сагымбайга гана тиешелүү өзгөчөлүктөрдү, окуялардагы өзгөчөлүктөрдү, ошонун ичинен жер-суу аттарын, мамлекеттердин, адам аттарынын баарына түшүнүк берип, өтө чоң көлөмдө, 1800 беттин тегерегинде даярдап чыгардык. С.Каралаев боюнча даярдалган экинчи энциклопедия дагы ушундай. Биздин мындай кылганыбыздын себеби эки манасчынын ортосунда көптөгөн жалпылуулуктар, туруктуу окуялар, бирок айырмачылыктар да бар. Ар бири каарманын өзүнчө сүрөттөшөт, ошолордун бардыгына илимий комментарийлер берилди, — дейт А.Акматалиев.

Классикалык изилдөөлөр сериясында болсо М.Ауэзов, Б.Юнусалиев сыяктуу залкар манастаануучулардын, андан кийинки Кеңеш Кырбашев, Самар Мусаев, Айнек Жайнакова сыяктуу окумуштуулардын эмгектерин,  “Манас” эпосуна арналган дагы башка окумуштуулардын макалаларын тематикага жараша бөлүштүрүлүп берилген.

Иш-чарада жаңы басылган эмгектердин баалуулугуна баа берген окумуштуу-илимпоздор канча жылдан бери чаң басып, кол тийбей турган эмгектердин минтип жарык көрүшү менен   “Манас” окулбай калды, изилденбей калды” деген маселелер күн тартибинен алынып салынышы керектигин, бул эмгектердин ар бири жаш илимпоздорго, докторанттарга табылгыс байлык болуп берерин баса белгилешип, нускасын дагы көбөйтүп, ар бир мектепке, жогорку окуу жайга жана китепканаларга жеткирүү зарылдыгын айтышты.

Учурда бул китептер Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте макулдашылган тартипте мектептерге, китепканаларга таркатылууда.

 

«Окуган эл — озот»

Иш-чарада  «Окуган эл — озот» аттуу “Манас” эпосунун С.Каралаевдин варианты боюнча  республикалык китеп окуу конкурсу жарыялангандыгы маалымдалды. Сынакка катышууну каалагандарга китептер акысыз таркатылып жатканын А.Акматалиев билдирди. Конкурска катышууга катталуу 20-мартта аяктап, сынак 31-мартта өтүп, сыйлык тапшыруу аземи ушул жылдын апрель айында Бишкек шаарында болот. 1-орунга 60 000 сом же УМРА, 2-орунга 40000 сом, 3-орунга 30 000 сом, 4-орунга 20000 сом, 5-орунга 10000 сом, 6-орунга 5000 сом, 7-10-орундарга кызыктыруучу белектер каралган.

Чолпон Кийизбаева, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер