«МАНАС ТААНУУ» СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ

  • 12.02.2019
  • 0

Нарын районунун Эшпай Токсобаев атындагы орто мектебинин окуучуларынан куралган «Шер баян» тобу райондук «Манас таануу» интеллектуалдык таймашында жеңүүчү болду.

«МАНАС ТААНУУ» СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ

Маалым болгондой, аталган мектептин окуучулары калыстар тобунун жогорку баасына татып, таймашта атаандаштарынан кыйла артыкчылыкка ээ болуп, 1-орунду ээлешти. Алар калыстардын суроолорунун бардыгына так жооп берип, көп упай топтоого жетишти. Эми алар таймаштын облустук этабына катышууга жолдомо алышты.

Э.Токсобаев атындагы орто мектебинин окуучулары буга чейин да ийгиликтерди жаратып келишкен. 2015-жылы республикалык таймашта 2-орунду камсыздап, 2017-2018-жылдары катары менен республикада баш байгеге ээ болушкан.

— Аларды мелдешке даярдоодо мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими, билим берүүнүн мыктысы Гүлмира Жумагулованын эмгеги зор. Ал чыгармачылыгы, интеллектуалы күчтүү мугалим, — дейт мектептин директору Назира Касымбекова.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер