МАНАС ШААРЫНДА №13 МЕКТЕПТИН ЖАҢЫ КОРПУСУ КУРУЛУУДА

  • 23.07.2026
  • 0

Манас шаарында билим берүү инфраструктурасын жакшыртуу максатында 6 жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Алардын катарында №13 Роза Азимбаева атындагы мектеп да бар — ага кошумча 528 орундуу заманбап жаңы окуу корпусу салынууда.

КР Курулуш министрлигинин маалыматына караганда, аталган объектиде иш 2026-жылдын март айында башталган. Бүгүнкү күндө үч кабаттуу имараттын негизги конструкциялары толугу менен тургузулуп бүтүп, чатырын жабуу жана ички шыбак иштери кызуу жүрүп жатат.  МАНАС ШААРЫНДА №13 МЕКТЕПТИН ЖАҢЫ КОРПУСУ КУРУЛУУДАДолбоорго ылайык, жаңы окуу корпусу 5 блоктон турат жана жалпы аянты 2 846 чарчы метрди түзөт. Мектепте окуучулардын сапаттуу билим алуусу жана ар тараптуу өнүгүүсү үчүн бардык зарыл шарттар каралган:

  • Негизги окуу класстары жана атайын лабораториялар;
  • Китепкана жана жыйындар залы;
  • Эмгек кабинеттери жана спорт залы;
  • Ашкана менен дарыгер бөлмөсү.

Жаңы окуу корпусу пайдаланууга берилгенден кийин, мектеп эки нөөмөттө (сменада) 1 000ден ашуун окуучуга сапаттуу билим алууга толук мүмкүнчүлүк түзөт.

А.К., «КБ»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер