МАНАС ШААРЫ: ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРДЫК ТЕКШЕРИЛДИ
- 05.08.2026
- 0
2026-жылдын 4-августунда Кыргыз Республикасынын Агартуу министринин орун басары Виктория Мозгачева жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн социалдык маселелер боюнча орун басары Ислам Увайдиллаев Манас шаарына жумушчу сапары менен барышты.
Сапардын алкагында жумушчу топ Манас шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу мектепке чейинки жана жалпы орто билим берүү мекемелеринин жаңы 2026–2027-окуу жылына карата даярдык жүрүшү менен жеринде таанышты. Текшерүү учурунда билим берүү имараттарынын оңдоп-түзөө иштеринин абалы, заманбап окуу шарттарынын түзүлүшү, санитардык-гигиеналык жана коопсуздук талаптарынын аткарылышы, ошондой эле мекемелердин жаңы окуу жылына толук даярдыгы тыкыр каралды. Билим берүү сапатын жогорулатуу жана окуучулар менен тарбиялануучуларга комфорттук шарттарды түзүү багытында аткарылып жаткан иштерге баа берилип, шаардык билим берүү бөлүмүнүн жана мекемелердин жетекчилерине тиешелүү сунуштар менен тапшырмалар жүктөлдү.
А.К., «КБ»
Комментарийлер