“МАНАС” ЭПОСУ-УЛУТТУК ФИЛОЛОГИЯНЫН ӨЗӨГҮ”
- 10.02.2022
- 0
Ушундай аталыштагы илимий-практикалык конференция 10-февралда Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде улуттук агартуучу, окумуштуу-педагог, котормочу жана манас таануучу, Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу Зыяш Бектеновдун жүз он жылдыгына карата өттү.
Иш-чарада түштүк жергесинде жайгашкан окуу жайлардан келген коноктор алгач көргөзмө менен таанышып, андан соң конференциянын пленардык жыйынына катышышты. Университеттин ректору Чаткалбай Райымбаевдин жана чакырылган сый коноктордун куттуктоосунан кийин “Манас” эпосун жана Зыяш Бектеновдун илимий-чыгармачылыгын ачып көрсөткөн баяндамалар жасалды.
Андан соң конференция секциялык иштерде улантылып, жыйынтыгында, резолюция кабыл алынды.
Бөлүшүү
Комментарийлер