“МАНАС” ЭПОСУ БОЮНЧА СЕГИЗ ТОМДУК ЧЫКТЫ

  • 04.03.2024
  • 0

“МАНАС” ЭПОСУ БОЮНЧА СЕГИЗ ТОМДУК ЧЫКТЫ

И. Арабаев атындагы КМУда   Кыргыз Республикасынын Президентинин  «Улуттук нарк жөнүндөгү» Жарлыгын ишке ашыруу максатында КРнын эл жазуучусу, профессор, манастаануучу, КРнын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер Советбек Байгазиевдин «Улутубуздун уңгулуу нарктары» китебинин жана «Манас» эпосу боюнча 8 томдугунун бет ачары өттү.

Иш-чаранын алдында катышуучулар С. Байгазиевдин илимий, окуу-методикалык жана көркөм-публицистикалык эмгектеринин, газета жана журналдарда жарыяланган макалаларынын  көргөзмөсүнө күбө болушту. Алгач катышуучуларга каармандын өмүр баяны, ишмердүүлүгү тууралуу кыска даректүү фильм тартууланды.

И. Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева Советбек  Байгазиевдин көп кырдуу чыгармачыл инсан, педагог-аалым, ири публицист экендигин сыймыктануу менен айтып, ага бекем ден соолук жана кажыбас кайрат каалап, дагы да көптөгөн ийгиликтерди жарата берүүсүнө тилектештигин билдирип,  аталган университетинин “Эмгек каарманы” сыйлыгын салтанаттуу тапшырды.

Иш-чарага КРнын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, КРнын Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, КРнын Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча комиссиясынын төрагасынын орун басары Жылдыз Орозобекова катышып, сөз сүйлөштү.Мындан тышкары С. Байгазиевдин адабият таануучулук, педагогикалык, публицистикалык ишмердүүлүгү тууралуу ой-пикирлери менен КР Эл баатыры Миталип Мамытов, КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы тилдер жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиев, п.и.д., профессор, КР УИАнын мүчө-корреспонденти Эсенбек Мамбетакунов бөлүштү. Андан соң,  КР УИАнын Тарых, археология жана этнология институтунун директору, т.и.д., академик Абылабек Асанканов — “Улутубуздун уңгулуу нарктары”, К.Карасаев атындагы БМУнун ректору, ф.и.д., профессор Абдылда Мусаев — “Манастаануу илиминдеги С.Байгазиевдин ролу жана орду”, КР УИАнын мүчө-корреспонденти, п.и.д., профессор Назаркул  Ишекеев — “Байгазиев публицист жана педагог катары” аталышында баядамаларын жасашты.

Советбек Байгазиевди «Улутубуздун уңгулуу нарктары» китебинин жана «Манас» эпосу боюнча 8 томдугунун бет ачары менен куттуктап КРнын Билим берүү академиясынын вице-президенти Мелисбек Музулманов, КР Журналисттер союзунун төрагасы Абдыкадыр Султанбаев, Ч. Айтматов атындагы китеп борборунун директору Смальтбек Темиралиев, Жумгал райондук Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Рита Баялиевалар сөз сүйлөп, сыйлыктарын  тапшырышты.

Иш-чарага белгилүү окумуштуулар, журналисттер, коомдук ишмерлер: э.и.д., профессор Айылчы Сарыбаев, КРнын эл артисти Тенти Мураталиев, КРнын эл жазуучусу Кален Сыдыковалар катышты.

Кеченин маданий программасында “Ураан” үйлөмө-урма ансамблинин коштоосунда КРнын эмгек сиңирген артисти Самат Көчөрбаев “Манас” эпосунан үзүндү, КРнын эл артисти Намазбек Уралиев “Кыргыз наркы” чыгармасын, актриса Ширин Сарыгулова Каныкейдин монологун аткарып беришти.

Салтанаттуу иш-чаранын соңунда кеченин каарманы Советбек Байгазиев уюштуруучуларга, катышуучуларга, кечени алып барган «Манас» театрынын директору Азиз Биймырза уулуна жана И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт иштери боюнча проректору Жайна Садыкбек кызына терең ыраазычылыгын билдирди.

(Өз кабарчы)

Бөлүшүү

Комментарийлер