“МАНАС” БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮН УЗАТТЫ

  • 21.06.2023
  • 0

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин 2022-2023-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрүнө арналган салтанаттуу “Бүтүрүү аземи” болуп өттү.

“МАНАС” БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮН УЗАТТЫ

Майрамдык иш-чарага Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев, Жогорку Кеңештин депутаттары Айбек Осмонов менен Шайлообек Атазов, Түркия Республикасынын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Садык Доган менен Түркмөнстандын элчиси Шадурды Медеров, Бишкек шаарындагы бир катар университеттердин ректорлору, жогорку даражалуу коноктор жана окуу жайдын жалпы жамааты катышты.

Окуу жайдын биринчи проректору Бактыгүл Каламбекова быйыл университеттин 22-бүтүрүүчүсү окууну аяктап жатканын айтып, окутуучулардан алган билим, таалим-тарбия тандаган кесибин өздөштүрүүдө жол ачуусуна тилектештигин, студенттери менен ар дайым сыймыктанарын билдирди.

Ректор Алпаслан Жейлан өзүнүн куттуктоосунда бүтүрүүчүлөргө ак жол каалап, «Манастай» үй-бүлөсү менен мамилесин үзбөөгө чакырды.

— Урматтуу бүтүрүүчүлөр, эч качан билим алууну токтотпогула. Менин ректор деген статусум бар, бирок бул менин жетекчилик гана даражам. Мен дайыма билим алууга умтулган, илимге салым кошууга аракет кылган адаммын. Билим гана адамды жаркын жашоого жана өнүгүүгө алып келет. Ошондуктан изденүүдөн, үйрөнүүдөн тажабагыла. Сүйүктүү бүтүрүүчүлөр, жашоодо тайманбас болгула! Тайманбастык адамга ийгиликтерди багындырууга жана коюлган максатка жетүүгө жардам берет. Мындан кийинки жашооңуздарда ден соолук, бакыт, жакшылык жана ийгиликтерге толгон өмүр каалайм. Бир бололу, ири бололу, бар бололу!”, — деди ректор.

Быйыл аталган университетти 935 студент аяктап жатат. Анын арасындагы өзгөчө бир бүтүрүүчүсү — Токтобүбү Абсаттар кызы. Ал социалдык камкордук программасынын алкагында университеттин бардык мүмкүнчүлүктөрүнөн акысыз пайдаланууга мүмкүнчүлүк алды.  Ошондой эле анын атасына «Жылдын мыкты атасы» наамы жана ата-балага университеттин атынан Түркияда бир жума акысыз эс алып келүү үчүн жолдомо тапшырылды.

Муну менен катар факультеттердин эң мыкты бүтүрүүчүлөрү менен университетти жогорку балл менен аяктап жаткан үч студентке сыйлыктар тапшырылды.

Майрамдык кече кыргыз эстрада ырчыларынын коштоосундагы концерт менен аяктады.

 Айгерим ТОКТОБАЕВА, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер