МАНАС АЙЫЛЫНДАГЫ МЕКТЕП-ЛИЦЕЙГЕ КОШУМЧА КОРПУС КУРУЛДУ
- 24.02.2025
- 0
Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Манас айылында мектеп-лицейге кошумча корпус курулду. Долбоор Республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылып, тендердик баасы 123 млн сомду түзгөн.
Жаңы корпус 500 окуучуга ылайыкталган, заманбап окуу залы жана адистештирилген лабораториялар, компьютердик класс, балдар жана кыздар үчүн кол эмгек класстары, китепкана жана дарыгердин кабинети бар.
Эске салсак, мектептин эски имараты 1986-жылы курулган.
Бөлүшүү
Комментарийлер