МАМЛЕКЕТТИН КӨЙГӨЙЛӨРҮ ЖАНА ӨНҮГҮҮ ЖОЛДОРУ

  • 27.10.2022
  • 0

И. Бийбосунов атындагы Каракол педагогикалык колледжинин мугалимдери жана студенттик комитет тарабынан студенттер арасында «Мамлекеттин көйгөйлөрү жана өнүгүү жолдору» илимий-практикалык конференция болуп өттү.

 

МАМЛЕКЕТТИН КӨЙГӨЙЛӨРҮ ЖАНА ӨНҮГҮҮ ЖОЛДОРУ

МАМЛЕКЕТТИН КӨЙГӨЙЛӨРҮ ЖАНА ӨНҮГҮҮ ЖОЛДОРУ

Маалыматка ылайык, бул конференция Каракол шаарынын К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин, И.Ахунбаев атындагы медициналык колледждин, юридикалык колледждин жана И.Бийбосунов атындагы Каракол педагогикалык колледжинин студенттери жана Бишкек шаарынан келген Кыргыз Республикасынын Студенттер Ассоциациясынын катышуусунда өттү.

 

 

МАМЛЕКЕТТИН КӨЙГӨЙЛӨРҮ ЖАНА ӨНҮГҮҮ ЖОЛДОРУ

Конференцияда  мамлекетибиздин тарыхы жана саясат, экологиялык маселелер жана спорт, билим берүүдөгү көйгөйлөр жана усулдар боюнча темалар камтылып, аларды кантип чечсе болот экени талкууланды. Жыйынтыгында катышуучулар ыраазычылык баракча жана белектер менен сыйланышты.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер