МАМЛЕКЕТТИК-ЖЕКЕ ӨНӨКТӨШТҮК МАМИЛЕ — БАЛА БАКЧА ӨНҮКТҮРҮҮГӨ ӨБӨЛГӨ —

  • 27.12.2022
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги бала бакчалардын жетишсиздигин жоюу максатында мамлекеттик-жеке өнөктөштөр менен кызматташууга даяр. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде “КР мектепке чейинки билим берүүнү мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жолу менен өнүктүрүү” темасын талкуулаган түз эфирде сөз болду.

МАМЛЕКЕТТИК-ЖЕКЕ ӨНӨКТӨШТҮК МАМИЛЕ - БАЛА БАКЧА ӨНҮКТҮРҮҮГӨ ӨБӨЛГӨ -

Түз эфирге КР Президентине караштуу инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун директору Санжар Болотов, БУУнун КРдагы балдар фондунун өкүлчүлүк башчысы Кристин Жольм, билим берүү жана илим министрлигиндеги мектепке чейинки билим берүү саясаты бөлүмүнүн башчысы Нурзида Касымова, Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Арзымат Мейманов катышты.

Мектепке жашы жете элек бөбөктөр бала бакча менен 24% гана камсыздалганы белгилүү. Мына ошондой жетишпей жаткан бала бакчалардын санын көбөйтүп, балдарды бала бакча менен камсыздоо деңгээлин жогорулатуу максатында Билим берүү жана илим министрлиги КР инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин алдындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору менен жаңы долбоорду ишке ашыра баштады. Министрликтин мектепке чейинки билим берүү саясаты бөлүмүнүн башчысы Нурзида Касымованын айтымында, министрлик жеке жактар менен иштөө боюнча типтүү нускама-көрсөтмө иштеп чыккан.

— Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү ишке ашыруу – биринчи кезекте жашы мектеп курагына жете элек балдарды мектепке чейинки билим берүүгө камтууну кеңейтүү максатын көздөйт. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору менен министрликтин ортосундагы жаңы башталган долбоордун алкагында Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы мурда менчиктештирилип кетип кароосуз турган бала бакчанын имаратын ишке киргизүү пландаштырылып жатат. Ал аймакта учурда үч бала бакча бар, анын экөө мектептин базасында ачылган. Эми толук кандуу 240 орунга ылайыкталган бала бакча ачылмакчы. Азыр имаратты оңдоп-түзөө, реконструкциялоо иштери жүргүзүлүп жатат, — деди.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер