КМКТАУДА ТИЛ ЖУМАЛЫГЫ ӨТҮҮДӨ

  • 21.09.2021
  • 0

Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 32 жылдыгына карата тил жумалыгы өтүүдө.

Жумалыктын алкагында кыргыз тили жана адабияты кафедрасы 20-сентябрда сабаттуу жазууга үндөө жана сабаттуу жазуу маданиятын өркүндөтүү максатында 1-курстун студенттери арасында «Сабаттуу жазалы» аттуу жат жазуу сынагын өткөрдү. Ага ар бир топтун тандоо турунан өткөн студенттер катышты. Эң сабаттуу деп табылган үч студенттин ысымы 23-сентябрда  өтө турган мамлекеттик тил жумалыгынын жыйынтыктоочу иш-чарасында жарыяланып, баалуу белектер менен сыйланат.

Бөлүшүү

Комментарийлер