МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА АЧЫК СЫНАК ЖАРЫЯЛАНДЫ

  • 04.02.2025
  • 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги башкы (борбордук аппарат жана райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрү), улук жана кенже административдик мамлекеттик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү максатында ачык сынак жарыялады.

Тандоого катышуу үчүн документтер:
— жеке арыз;
— өздүк баракча, 2 сүрөт (3х4);
— резюме (электрондук даректи көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттолбогондугу тууралуу маалымат);
— нотариустан күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билими (эгер бар болсо) бар экенин ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
— нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эгер иш стажы бар болсо);
— илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин нотариустан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү (эгер бар болсо);
— паспорттун көчүрмөсү;
— соттолбогондугу тууралуу ИИМ маалымкаты.

Документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги.
Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү №257.
Кабыл алуу мөөнөтү: 2025-жылдын 4-февралынан тартып 2025-жылдын 14-февралына саат 18.00 чейин.
Сурап билүү үчүн телефон: (0312) 620 509, № 219 кабинет (КР БИМ Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн башкы адиси Аида Эрмек).

Толугураак маалымат алуу үчүн бул жерди басыңыз.

Бөлүшүү

Комментарийлер