МАМЛЕКЕТТИК ГИМНИБИЗГЕ — 30 ЖЫЛ!

  • 15.12.2022
  • 0

Лейлек районунун Ак-Суу айылындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде «Мамлекеттик гимнибизге — 30 жыл!» аттуу салтанаттуу иш-чара соңуна чыкты.

МАМЛЕКЕТТИК ГИМНИБИЗГЕ — 30 ЖЫЛ!

Мектептин 912 окуучусунун дээрлик бардыгы катышкан кароо-сынак Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнинин кабыл алынгандыгынын отуз жылдыгына карата уюштурулду.
Биринчи орунду 11-«А»класс, экинчи орунду 4-«А» класс, үчүнчү орунду 8-«В» класс ээледи. Жеңүүчү класстарга жана алардын класс жетекчилерине билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирдигинин Лейлек райондук комитетинин төрагасы Авазбек Бердиев дипломдорду жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Тайир АШИРБАЙ, Лейлек району

Бөлүшүү

Комментарийлер