МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТТАРЫНЫН ДОЛБООРЛОРУ ТАЛКУУЛАНУУДА
- 11.11.2024
- 0
Бүгүн, 2024-жылдын 11-ноябрында Билим берүү жана илим министрлиги ЮНИСЕФтин колдоосу менен мектепке чейинки жана мектептик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарынын долбоорлорун талкуулоо жана презентациялоо боюнча эки күндүк семинар (2024-жылдын 11–12-ноябры) өтүүдө.
Маалыматка ылайык, семинар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы №402-т тескемеси менен бекитилген 2024-2028-жылдарга мектептик билим берүүнүн он эки жылдык түзүмүн этап-этабы менен киргизүү боюнча иш-аракеттер планын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүүдө.
КББАнын кызматкерлеринин айтымында, семинарга Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз билим берүү академиясынын, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтутунун, «Окуу китеби» Басма үйүнүн, Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин кызматкерлери, ошондой эле эл аралык долбоорлордун өкүлдөрү жана билим берүү боюнча адистер/эксперттер катышууда.
Семинардын биринчи күнүндө мектепке чейинки жана мектептик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарынын долбоорлору сунушталды. Жумушчу топ стандарттардын негизги жоболорун, анын ичинде алардын түзүмүн, мазмунун, максаттуу компетенцияларын жана күтүлүүчү натыйжаларын сунушташты. Жумушчу топтун мүчөсү Сауле Хамзина мектепке чейинки билим берүүдөн башталгыч мектептик билим берүүгө өтүүнүн маанилүүлүгүн айтуу менен, билим берүүнүн деңгээлдеринин ортосундагы синергияны баса белгиледи. Гендердик маселелер боюнча эксперт Нора Суюналиева сунушталган стандарттарда гендердик сезимталдуулук принциптерине көңүл буруп, гендердик теңчилик маселелери боюнча баяндама жасады. Стандарттарды иштеп чыгуучу жумушчу топ талкуу процессинде стандарттарды жакшыртуу боюнча бир катар сунуштарды алышты. Эксперттер Томоя Сонода, Роджер Каннингем жана «Маршал Кавендиш» басмаканасынын өкүлү семинардын катышуучуларынын функционалдык сабаттуулук жана билим берүү натыйжаларын баалоо механизмдери боюнча суроолоруна жооп беришти.
Семинардын экинчи күнүндө сунушталган стандарттар боюнча кайтарым байланыш жүргүзүү, инклюзия аспектилерин талкуулоо жана Кыргыз Республикасындагы билим берүү стандарттарын жаңылоодо климаттын өзгөрүү маселелерин эске алуу боюнча ишти улантууга арналат.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер