МАМКЫЗМАТКА ОРНОШУУДА САНАРИПТИК ТЕСТТЕН ӨТҮҮ СУНУШТАЛДЫ

  • 07.08.2026
  • 0

Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматка орношууда санариптик көндүмдөрдү тастыктаган сертификатты талап кылуу сунушталган токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

МАМКЫЗМАТКА ОРНОШУУДА САНАРИПТИК ТЕСТТЕН ӨТҮҮ СУНУШТАЛДЫ

Ага ылайык, мамлекеттик кызматка талапкерлер Мамлекеттик электрондук документ жүгүртүү системасы жана «e-Kyzmat» адам ресурстарын башкаруу системасы боюнча окуудан өтүп, тестти ийгиликтүү тапшырганын ырастаган сертификатка ээ болушу керек болот.

Бул талап мамлекеттик кызматка коюлган типтүү квалификациялык талаптарга киргизилмекчи.

Долбоордун негиздемесинде учурда жаңы кабыл алынган кызматкерлердин айрымдарында мамлекеттик санариптик системалар менен иштөө көндүмдөрү жетишсиз болуп, бул кошумча окутууга, кызматка ыңгайлашуу мөөнөтүнүн узарышына жана иштин натыйжалуулугунун төмөндөшүнө алып келип жатканы белгиленген.

Жаңы талап бул көйгөйлөрдү жоюп, мамлекеттик кызматкерлердин санариптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга багытталганы айтылат.

Документке ылайык, тестирлөөнү өткөрүү жана сертификаттарды берүү тартибин Президенттин Иш башкармасына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси иштеп чыгып, сертификаттар тууралуу маалыматтарды «e-Kyzmat» системасына интеграциялайт.

Токтом долбоору учурда коомдук талкууга коюлган.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер