МАДАНИЯТ ЖАНА ИСКУССТВО УНИВЕРСИТЕТИНИН СТУДЕНТТЕРИ ЭЛ АРАЛЫК ФЕСТИВАЛДА БАЙГЕЛҮҮ ОРУН ЭЭЛЕШТИ

  • 17.04.2020
  • 0

Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин театр факультетинин студенттери Кубан Жандарбеков жана Кудайберген Барпиев Кемерово мамлекеттик маданият инстиуту тарабынан уюштурулган Россия Федерациясынын Эмгек сиңирген артисти А. В. Панин атындагы “Рыжий клоун” аттуу VI театралдык фестиваль-конкурсунда байгелүү орундарды ээлешти.

МАДАНИЯТ ЖАНА ИСКУССТВО УНИВЕРСИТЕТИНИН СТУДЕНТТЕРИ ЭЛ АРАЛЫК ФЕСТИВАЛДА БАЙГЕЛҮҮ ОРУН ЭЭЛЕШТИ

Дүйнөдөгү жана өлкөдөгү түзүлгөн кырдаалга байланыштуу аталган фестивалга  окуу жай онлайн катышуу өтүнүчү менен кайрылган. Ал уюштуруучулар тарабынан кабыл алынып, улук окутуучу, режиссер Шамиль Дыйканбаевдин жетекчилиги астында окуу жайдын студенти Кубан Жандарбеков сахнага алып чыккан америкалык драматург Оливер Генринин “Эски бөлкө” (Чертствые булки) спектакли жана Чыгыш эл жомогунун негизинде окуу жайдын окутуучусу, актер-режиссер Эркин Эгембердиев тарабынан сахналаштырылган “Сыйкырдуу так” (Заколдованный трон) спектакли видео форматта жөнөтүлгөн.

МАДАНИЯТ ЖАНА ИСКУССТВО УНИВЕРСИТЕТИНИН СТУДЕНТТЕРИ ЭЛ АРАЛЫК ФЕСТИВАЛДА БАЙГЕЛҮҮ ОРУН ЭЭЛЕШТИ

Натыйжада, Кубан Жандарбековдун эмгеги калыстар тобу тарабынан жогору бааланып, “Студент” категориясынын “Эң мыкты режиссура” номинациясы боюнча III даражадагы дипломуна ээ болду.

МАДАНИЯТ ЖАНА ИСКУССТВО УНИВЕРСИТЕТИНИН СТУДЕНТТЕРИ ЭЛ АРАЛЫК ФЕСТИВАЛДА БАЙГЕЛҮҮ ОРУН ЭЭЛЕШТИ

Ал эми Эркин Эгембердиев режиссерлук кылган “Сыйкырдуу так” спектаклинде Жаффордун ролун ойногон Кудайберген Барпиев “Эркектин эң мыкты ролу” номинациясы боюнча III даражадагы диплом менен сыйланды.

Сыйлыкты тапшыруу салтанаты кырдаалга байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылдырылганын Кемерово мамлекеттик маданият институтунун маалымат кызматы билдиргенин окуу жайдын маалымат катчысы кабарлады.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер