ӨМҮРҮ ӨРНӨК АДАМ

  • 03.02.2022
  • 0

Аксы районундагы Жунай Мавлянов атындагы Кербен инновациялык жатак лицей-мектебинде Кыргызстан жазуучулар союзунун, Кыргызстан журналисттер союзунун мүчөсү, көптөгөн адабий сыйлыктардын ээси, Билим берүүнүн жана Кыргыз телерадиосунун отличниги, акын, жазуучу, журналист Калбаев Абдымомун агайдын 70 жылдык мааракесине арналган адабий-музыкалык кече өткөрүлдү.

ӨМҮРҮ ӨРНӨК АДАМ

Адабий кечеге Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнун орун басары Ызабеков Рысбек Темирбекович, Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Сыдыков Замирбек Бейшенович жана башка кадырлуу коноктор, агайдын калемдеш жолдоштору, жалпы эле анын сүйүктүү окурмандары, окуучулар катышты. Адабий-музыкалык иш чарада акындын ырларынан көркөм окуулар, сахналаштырылган көрүнүштөр, обондуу ырлар аткарылды.

ӨМҮРҮ ӨРНӨК АДАМ

Кечени окуучулардын аткаруусундагы ийкемдүү бийлер коштоду. Келген коноктор Абдымомун агайдын ишмердүүлүгүнө, чыгармаларынын өзгөчөлүгүнө токтолуп, кызуу талкуу уюштурулду. Соңунда Калбаев Абдымомун агайга сөз берилип, ал ыраазычылыгын билдирүү менен жаштарды китепкөй болуп өсүүгө чакырды.

Узен Атаканов, Аксы району

 

Бөлүшүү

Комментарийлер