Өмүрүн илим-билимге арнаган Өскөн Осмонов 70 жашта

  • 19.03.2024
  • 0

Өмүрүн илим-билимге арнаган Өскөн Осмонов 70 жаштаӨскөн  Осмонов 1954-жылы 25-мартта Кыргыз ССРинин Чүй облусунун, Чүй районундагы Маданият айылында төрөлгөн. 1976-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин тарых факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 1984-жылы ал тарых илими боюнча кандидаттык, ал эми 1994-жылы докторлукдиссертацияларын ийгиликтүү коргогон. 1992-жылы агадоценттик, 1996-жылы профессордук илимий наамдарыйгарылган. 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондентмүчөсү болуп шайланган.

Ө.Ж. Осмоновдун жалпы иш тажрыйбасы – 48 жыл, анын ичинен 46 жыл К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университтинде иштеп келет.

Эмгек жолун 1976-1977-жж. Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясында илимий редактор болуп баштаган. 2004-2005-жж. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы, 2010-жылы К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ректору болуп иштеген.

1977-жалдан бери анын негизги педагогикалык жана илимий ишмердүүлүгү К.И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институту (азыркы учурда К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети) менен байланыштуу. Бул жерде ал мугалимден баштап Ч. Айтматов атындагы коомдук, гуманитардык жана табигый илимдер институтунун директоруна чейинки кызматтардаэмгектенди. 1990-жылдан бери ушул жогорку окуу жайдын тарых жана философия кафедрасынын башчысы болуп иштеп келе жатат. 2003-жылы көп жылдык педагогикалык ишмердүүлүгү жана республиканын айыл чарбасы үчүн жогорку квалификациялуу кадрларды тарбиялоого жана даярдоого сиңирген эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

Ө.Ж. Осмонов Кыргызстандын тарых илимин олуттуу жана керектүү изилдөөлөр жана оригиналдуу окуу китептери менен менен байыткан көрүнүктүү адис.  Окумуштуу ар тараптуу теориялык жана фактылык материалдарды терең изилдеп талдоонун негизинде Кыргызстандын байыркы доордон азыркы мезгилге чейинки тарыхы боюнча 30 дан ашуун окуу китептерин, 20 дай илимий монографияларды жана 300дөн ашуун макалаларды жазып, жарыкка чыгарды.

Мындан тышкары, Кыргызстандын айыл чарбасынын өнүгүшү, айыл-кыштактардын социалдык-экономикалык турмушун изилдеп бир катар илимий эмгектерди жаратты.Кыргызстандын тарыхый инсандарынын өмүрүн жана ишмердүүлүгүн иликтеп, пропагандалоо багытында да талбай эмгектенүүдө.  

Ө.Ж. Осмоновдун көп жылдык изилдөөлөрүнүн натыйжасында төмөнкү монографиялар жана брошюралар жарык крдү: «Повышение благосостояния тружеников села Киргизии в условиях совершенствования социализма» (Фрунзе, 1988); «Кыргызстандын айылынын социалдык турмушу (1966-1985-жж.)» (Бишкек, 1993);«Кыргызстандын айылынын демографиялык абалы жана руханий турмушу» (Бишкек, 1993); «Кыргызстандын айыл калкынын социалдык-таптык түзүлүшү» (Бишкек, 1994);«Айыл-кыштак калкынын билим дэңгээли жана социалдык түзүлүшү» (Бишкек, 1994); «Кыргызстандын айыл-чарбасы жана айыл-кыштактардын социалдык турмушу» (Бишкек, 1994); «Кыргызстандын айыл-чарбасы жана айыл калкынын турмуш дэңгээли совет бийлигинин соңку жылдарында» (Бишкек, 1994); «Айыл-кыштак калкынын материалдык жашоо шарттарынын жана саламаттыгын сактоонун абалы» (Бишкек, 1994) ж.б.

Аталган эмгектери менен макалаларында айыл чарбасынын, айылдын социалдык-экономикалык көйгөйлөрү изилденип, Кыргыз Республикасынын айыл-кыштактарында топтолгон көйгөйлөрдү чечүүгө конкреттүү сунуштар берилет.

Ө.Ж. Осмоновдун башка окмуштуулар менен биргеликте жазылган «Уровень жизни населения Кыргызстана (1961-1994)» (Бишкек, 1995), «Культура Кыргызстана (1961-1995 гг.)» (Бишкек, 1996) аттуу илимий монографияларында Кыргызстан калкынын материалдык абалы жана маданияты изилденген. Профессордун«Литература и искусство Кыргызстана (1961-1995 жж.)» (Бишкек, 1996), «Образование и наука Кыргызстана» (Бишкек, 1996), «Международные связи Кыргызстана в сфере культуры» (Бишкек, 1996) аттуу китепчелеринде Кыргыз Республикасынын маданий турмушунун жетишкендиктери менен көйгөйлөрү талдоого алынган.

Ө.Ж. Осмонов «Манап бий деген ким болгон?» «Манапчылык деген эмне?» (Бишкек, 2003), «Тагай бий» (Бишкек, 2004), «Көкүм бий» (Бишкек, 2006), «Бишкек баатыр» (Бишкек, 2012), “Бабалар баяны” (Бишкек 2023), аттуу көлөмдүү тарыхый очерктеринде 16-18ылымдардажашап өткөн көрүнүктүү тарыхый инсандардын өмүрүн жана ишмердүүлүгүн илимий-публицистикалык түрдө чагылдырат. Автордун бул эмгектери республикалык массалык-маалымат каражаттарында чоң резонанс жаратып, бир нече жолу кайрадан басылып чыккан. Илимпоздун демилгеси менен 2009-жылы Токмок шаарында Манап бийге монументалдык-скульптуралык эстелик орнотулуп,бул шаардагы көчөлөрдүн бирине Манап бийдин ысымын ыйгарылган.

Редколлегиянын төрагасы катары 2003-жылы басылып чыккан «Кыргыз тарыхы» энциклопедиясын түзүүгө чоң салым кошту. 2002-2014-жж. «Кыргызстан» улуттук энциклопедиясынын башкы редакциясынын тарых, археология жана этнография боюнча илимий-редакциялык кеңешинин төрагасы катары «Кыргызстан» улуттук энциклопедиясынын бардык 9 томун даярдоодо жигердүү катышкан. «Кыргызстан» Улуттук Энциклопедиясынын кыргыз жана орус тилдеринде басылып чыккан атайын 8, 9 — томдорунун 150 беттен турган «Тарых» бөлүмүнүн, жана 100 дөн ашуун оригиналдуу макалалардын автору.

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн шарттарында Ө.Ж. Осмонов тажрыйбалуу окумуштуу-педагог катары 10 жыл бою (1998-2008) негизги иши менен катар Кыргыз билим берүү институтунун тарыхый-социалдык жана эстетикалык дисциплиналар бөлүмүн жетектеп, тарыхты өлкөнүн билим берүү мекемелеринде окутуу ишин реформалоонун башында турган. Анын жетекчилиги менен тарыхты окутуунун формациялык, таптык ыкмасынан цивилизациялык ыкмасына өтүшүнкамсыз кылган жаңы концепциялар, мамлекеттик стандарттар жана окуу программалары иштелип чыккан. Ал КРнын орто мектептери үчүн Дүйнө жана Кыргызстан тарыхы боюнча иштелип чыгып жарыяланган 9 окуу программасынын жетекчиси. Тарых билимин реформалоонун натыйжасында окуу китептеринде адамдын чыгармачыл ишмердиги алдыңкы планга чыгарылып, адам дүйнөлүк цивилизациянын ажырагыс бөлүгү катары каралат. Профессордун окуу китептиринде жана макалаларында кыргыз элинин жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына жана өнүгүшүнө зор салым кошкон эки жүз элүүдөн ашуун тарыхый инсандардын өмүрү жана ишмердүүлүгү объективдүү чагылдырылат. Ө.Ж. Осмоновтун демилгеси мененреспубликанын орто мектептеринин, жогорку жана орто окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү Кыргызстан тарыхыбоюнча мамлекеттик экзамендерди тапшырууга милдеттендилирген. Бул маселе боюнча профессор 2004-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин комиссиясын жетектеген.

Билим берүүнүн жаңы стандарттарынын жана программаларынын негизинде Кыргыз Республикасынын тарыхында биринчи жолу профессор Ө.Ж. Осмоновдун жетекчилиги менен, орто мектептеринин 5-11-класстары үчүн Кыргызстан жана Дүйнө тарыхы боюнча оригиналдуу окуу китептери түзүлдү. Кыргыз мектебинин жана республиканын бүтүндөй билим берүү тутумунун турмушунда республиканын жалпы билим берүүчү мектептеринин 6-11-класстары үчүн тарых боюнча которулбаган, өздүк оригиналдуу китептердин пайда болушу чоң окуя болду.

2018-жылдан баштап республиканын жалпы билим берүү мектептеринин 5, 6- класстары мектептердин тарыхында биринчи жолу «Адам жана коом» деген оригиналдуу окуу китептерин колдонуп окутула баштады. Жалпысынан Ө.Ж. Осмонов жалпы билим берүү мектептер үчүн23, жогорку окуу жайлар үчүн7 окуу китептерининжана окуу куралдарынын автору (авторлошу), алар комплекстүү  эксперименталдык  сыноолордон ийгиликтүү өтүп, туруктуу окуу китептери катары окутулууда. Автордун бардык окуу китептерине Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мөөрү (грифи)ыйгарылган. Кыргызстандын жана дүйнөнүн тарыхы боюнча окуу китептери үзгүлтүксүз кыргыз, орус, өзбек,жана тажик тилдеринде массалык тираж менен чыгарылып, жүз миңдеген окуучулар менен студенттерге билим берүүдө Ө. Ж. Осмоновдун 2001-2023-жж. окуу китептери 2миллиондон ашуун нускада басылып чыкканын да баса көрсөтсөк болот. Белгилей кетүүчү нерсе, бул окуу китептеринде Ө.Ж. Осмоновдун Кыргызстандын тарыхы боюнча өзү аныктаган илимий-теориялык жаңы тыянактарыкамтылган.

2001-жылдан 2023-жылга чейин 45 б.т. көлөмүндөгү «История Кыргызстана (с древнейших времен до наших дней)» аттуу фундаменталдуу китеби кыргыз жана орус тилдеринде 10 жолу кайрадан басылып чыгып, республиканын жогорку окуу жайларынын негизги окуу китептеринин бири болуп калды. 2003 жана 2006-жылдары бул окуу куралы «Жаңы кылымдын мыкты окуу китеби» деп табылып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак Грамоталары менен сыйланган. 20152018 жылдардын аралыгында бул окуу китеби англис тилинде 4 жолу басылып чыккан жана чоң суроо-талапка ээ.

Кийинки мезгилдерде профессор жаңы компьютердик технологияларды өздөштүрүп, тарых сабактарын аралыктанокутуу ишин жолго койду. Окуу китептеринин негизинде кыргыз, орус тилдеринде көрмө (видео) лекциялар (бардыгы 45 лекция, ар бири 20 мүнөттү түзөт), даярдалып, КР Билим берүү жана илим Министрлиги тарабынан бекитилип, кыргыз жана орус тилдеринде сайттарга You Tube жайгаштырылган («Тарых сабагы», История Кыргызстана») жана 2010-жылдан бери дайыма «Санат – Билим ТВ», «ЭлТР – Ilim Bilim» жана «Манас жаңырыгы» берүүлөрүндө үзгүлтүксүз көрсөтүлүп келет.

Ө.Ж. Осмонов республика боюнча илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо ишине да көрүнүктүү салым кошту. Окумуштуу тарабынан 23илимдин кандидаты жана 4 илимдин доктору даярдалды. 2008-жылы профессорго КР Президентинин Жарлыгы менен илим жаатына сиңирген эмгеги үчүн «Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер» деген ардактуу наам ыйгарылды. Ушул убакта илимпоз кандидаттык жана доктордук диссертациялык иштерге жетекчилик кылууну улантууда. 2006-2008-жж. тарых илимдери боюнча Диссертациялык кеңештин төрагасы болуп иштеген. 2023-ж. бери экинчи жолу тарых адистиги боюнча Диссертациялык кеңешти жетектейт.

Ө.Ж. Осмонов окутуучулук, илимий иштер менен катар коомдук иштерге жигердүү катышат. 2001-жылдан баштап 17 жыл боюу Улуттук аттестациялык комиссиянын тарых боюнча экспертик комиссиясын жетектеди. 2011-2013-жж. КР ЖАКнын Президиумунун мүчөсү болгон. Ө.Ж. Осмонов 2006-2010-жж. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын, 2012-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы тарых илимин өнүктүрүүбоюнча комиссиянын мүчөсү. Коомдук ишмер катары мамлекеттик ишканалар жана коомдук уюмдар тарабынан ардак грамоталар, медалдар менен сыйланган. 2006-жылы окумуштууга «Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун ардактуу атуулу» наамы ыйгарылып «Кеменгер» медалы тапшырылган. 2008-жылы Эл аралык Айтматов академиясынын академиги болуп шайланган. 2009-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Тарыхчылар ассоцияциясынын президенти.

Кийинки 2018-2023-жж. эле профессор Ө.Ж. Осмоновдун жигердүү эмгектеринин натыйжасында 4 окуу китеби жана 9 окуу куралдары даярдалып, массалык тиражда – кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде басмадан чыкты. 2023-жылы профессордун республикабызда англис тилинде окуткан мектептердин 6-11-класстары үчүн Кыргызстан тарыхы боюнча 6 окуу китеби даярдалып, басмадан чыгышын маанилүү жаңылык катары баалоого болот.

Бүтүндөй эмгегин илим-билимге арнаган, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондентмүчөсү, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, III даражадагы «Манас» орденининээси, урматтуу устатыбыз, Өскөн Жусупбековичти 70 жаш – кутман курагы менен ак дилден куттуктап чың ден-соолук, узун өмүр, баардык калоо-тилектиринин орундалшын каалайбыз.

Кайнарбек Бийлибаев жазуучу, публицист,

тарых илимдеринин кандидаты.

Бөлүшүү

Комментарийлер