МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН БАЛДАРГА АР ТАРАПТАН КОЛДОО МИЛДЕТИБИЗ

  • 04.12.2020
  • 0

Нарын шаарындагы №87 –кесиптик лицейинде, 3 –декабрь Бүткүл Дүйнөлүк ден –соолугуна  мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнүнө карата иш чара өткөрүлдү.

МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН БАЛДАРГА АР ТАРАПТАН КОЛДОО МИЛДЕТИБИЗ

Нарын шаарындагы №87 –кесиптик лицеи окуу –өндүрүштүк, методикалык, тарбиялык,  социалдык иштерин уюштуруу процессин тогуз кесипке квалификациялуу жумушчу кадрларды даярдоого. аларга сапаттуу билим берүүнү максат коюу менен алып барат. Окуу жайда учурда 440 окуучуга окутуунун онлайн форматында билим берилүүдө. Окуп жаткан балдардын ичинен  9 социалдык жетим, 2 тоголок жетим, 41 ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген өспүрүмдөр билим алышат.

МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН БАЛДАРГА АР ТАРАПТАН КОЛДОО МИЛДЕТИБИЗ

Билим алып жаткандардын ичинен реабилитациялык тайпасында 31 окуучу «Улуттук буюм жасоочу»  кесибинде окушат. Бул тайпада 2 жылдык мөөнөт менен 14 жаштан 18 жашка чейинки өспүрүмдөр  3 маал ысык тамагы, жатаканасы жана  936 сом стипендиясын берүү менен медициналык, психологиялык, окуу жайдын мүмкүнчүлүгүнө жараша материалдык колдоолорду көрсөтүү менен окуу тарбиялык иштерди жүргүзүп келебиз. Балдардын ден соолугун эске алуу менен аларга толук кандуу шарттар түзүлгөн. Атап айтсак окуу корпусунда, жатаканада, ашканада атайын жолдор, дааратканалар (коляскачан балдарга) алардын жөндөмүнө жана  кызыгуусуна шайкеш келген ийримдик иштер уюштурулган.

Окуу жайы жыл сайын 3 –декабрь даталуу күндү үзгүлтүксүз тематикалуу акцияларды, концерттик программаларды, сүрөт көргөзмөлөрү боюнча сынактарды өткөрүп, облустук, шаардык масштабда жана Нарын шаарындагы «Калам» реабилитациялык борбору менен алынып барылган кароо конкурстарга дайыма  катышып, окуучуларыбызга белектерди берип турабыз.

МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН БАЛДАРГА АР ТАРАПТАН КОЛДОО МИЛДЕТИБИЗ

2020 -2021- окуу жылында да учурдагы кырдаалды эске алуу менен (гигиеналык эрежелерди сактап, беткаптарды тагынып, дезинфекция иштерин жүргүзүп, санитарийлерди койдуруп, салфеткалар менен камсыз кылынган) иштер аткарылууда. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012 –жыл 10 –апрель № 217 –токтомунун негизинде жана Нарын шаарынын  15 –ноябрынан 15 –декабрына чейин Майыптардын Эл Аралык күнүнө карата «Биз беребиз!» деген аталыштагы бир айлык жарыянын алкагында окуу жайда дубал газеталар чыгарылып, окуучулар арасында аралыкты сактоо менен ата энелеринин катышуусунда спорттун түрлөрү боюнча  мелдештер өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө грамота, дипломдор тапшырылды.

МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН БАЛДАРГА АР ТАРАПТАН КОЛДОО МИЛДЕТИБИЗ

Бул иш чаранын демөөрчүсү Нарын шаардык спорт мектеби болду. Өспүрүмдөрдү Нарын шаардык мэриясынын вице мэри Назира Мамытовна, Нарын шаардык спорт мектебинин директору Жапаров Рысбек каалоо тилектерин билдирүү менен 31 окуучунун ар бирине белектерин тапшырышты. Окуу жайыбыздын директору Байыш Мукашович өзүнүн куттуктоосун билдирүү менен окуучуларыбызды кесипке окутуу ар тараптуу моралдык жана психологиялык жактан колдоолорду дайыма көрсөтүп туруу биздин граждандык милдетибиз деген оюн билдирди. Иш чаранын аягында балдарга жана ата энелерге сый тамак берилди.

Нарын шаарындагы № 87 –кесиптик лицейинин директорунун орун басары Зарыл Кулманбетова

Эгемберди УСУПОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер