ЛОМОНОСОВ МЕКТЕБИНДЕ АРАЛЫКТАН БИЛИМ БЕРҮҮ БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

  • 19.04.2024
  • 0

 

 

ЛОМОНОСОВ МЕКТЕБИНДЕ АРАЛЫКТАН БИЛИМ БЕРҮҮ БОРБОРУ АЧЫЛДЫБишкектеги  Ломоносов атындагы  илимий-билим берүү комплекси мектебинин базасында Пенза мамлекеттик университетинин Аралыктан билим берүү борборунун ачылыш аземи болду. Ачылышка ПМУнун эл аралык иштер боюнча проректору, Эл аралык кызматташтык институтунун директору Глеб Синцов жана ПМУнун үзгүлтүксүз билим берүү жана бүтүрүүчүлөрдү ишке орноштуруу боюнча проректору Владимир Симагин катышты. Ошондой эле борбордун ачылышына Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетин профессору, Кыргызстандын Атайын Ыйгарым укуктуу өкүлү Бүбүйра Абдыжапарова катышты.

Илимий-билим берүү комплекси Ломоносов мектебинин негиздөөчүсү жана президенти Нурия Турдакунова өз сөзүндө Аралыктан билим берүү борбору өлкөбүздүн билим берүү тармагын өнүктүрүү үчүн зарыл болгон улуттук адистерди  тарбиялоого салым кошот деген ишенимин билдирди.

-Бизге Орусиядан келген мугалимдердин да үй-бүлөлөрү бар, алар бул жерде көпкө тура алышпайт, ошондуктан биз келечекти ойлоп, ЖОЖдорго, анын ичинде Пенза мамлекеттик университетине жана Россиянын башка өнөктөш университеттерине тапшырууга даярдануу аркылуу улуттук мугалимдерди чогуу өстүрүүбүз керек. Биздин өлкөнүн аймактарында жашаган мектеп окуучуларына табигый жана техникалык дисциплиналары боюнча даярданууга сапаттуу шарттар, мүмкүнчүлүктөр түзүлгөнүнө абдан кубанычтамын, — деп белгиледи Нурия Турдакунова.

— Менин Кыргызстанга биринчи жолу келишим. Борбордун ачылышы сыяктуу маанилүү учурга келгениме абдан кубанычтамын. Бул эки өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуп жатканы эки эсе кубандырат. Азыр Кыргызстандан келген студенттер Пенза мамлекеттик университетинин бардык адистиктери: педагогика, медицина, техникалык институттар боюнча билим алышууда. Университеттин жетекчилигинин негизги максаты- студенттерге келечекте пайдалуу, алардын карьерасы жана бакубат жашоосу үчүн зарыл болгон пайдубалды түзө турган сапаттуу билим алуу гана эмес, эки өлкө – Кыргызстан жана Орусия ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо. Ошондуктан, студенттер бизге келгенде өздөрүн өз үйүндөй сезиши биз үчүн абдан маанилүү, — деп баса белгиледи Глеб Синцов.

Ал белгилегендей, кыргызстандык абитуриенттер өздөрүн кызыктырган каалаган дисциплинаны тандап, бюджеттик окуу жайга тапшыра алышат. Бул аларга стипендия алууга, кампуста жатаканада жашоого, медициналык камсыздандырууну жабууга жана учурда университетте болгон бардык шарттарды пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет.

-Жашыруун эмес: ийгиликке жетүү үчүн өмүр бою окуп, билимди өркүндөтүү керек. Биздин университет Кыргызстандан келген студенттерге келечекте өз республикасы үчүн да, өзү үчүн да пайдалуу сапаттуу билим берүүгө даяр. Жеке бизде жумушка орношууда көйгөйлөр жок. Студенттер университетте окуп жүргөндө жумуш менен камсыз болушат. Бизде өндүрүш, педагогика, медицина тармагында талап бар — деп билдирди Владимир Симагин.

Бул борбор өз ишин үч багытта алып барат. Алар:

-Мектептин бүтүрүүчүлөрү  үчүн даярдоо курстары. Борбор Кыргызстандын аймактарынан келген балдарды орусиялык стандарт боюнча россиялык ЖОЖдорго кабыл алууга даярдануу үчүн бекер ресурстар менен камсыздайт. Ошондой эле Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдануу курстары менен кошумча билим алуу үчүн зарыл болгон базалык билим деңгээлин камсыз кылат. Үч айдын ичинде Кыргызстандын аймактарынан келген мектеп окуучулары математика, физика, химия, биология жана орус тили боюнча окуудан өтүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Балдар онлайн жана оффлайн режиминде сабактарга катыша алышат. Курсту аяктагандан кийин аларга сертификат берилет.

-Кыргызстандын орто мектептеринин жаңы санариптик билим берүү технологияларын өздөштүрүүнү каалаган мугалимдери үчүн аралык окуу курстары жана кесиптик кайра даярдоо программалары. Профессионалдык ишмердүүлүк үчүн зарыл болгон пайдалуу көндүмдөрдү жана инструменттерди өздөштүрүү менен бирге мугалимдер Пенза мамлекеттик университетинин базасында өлкөдөн чыкпастан Россия Федерациясынын мамлекеттик сертификатын алышат.

-Педагогикалык адистиктер боюнча аралык дуалдык окутуу. Бул окутуу системасынын алкагында окутуунун теориялык бөлүгү Пенза мамлекеттик университетинин базасында, практикалык бөлүгү Ломоносов мектебинин базасында өтөт. Ошентип, программанын студенттери мектепте мугалимдерге жардам берүү аркылуу алган теориялык билимдерин практикада колдонууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул билим берүү системасын тандаган студенттер стипендия менен камсыз болушат.

-Биздин биргелешкен күч-аракетибиз Кыргызстандын экономикасы үчүн жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого багытталган жана биздин өсүп келе жаткан муундарды тарбиялоого кошкон салымыбыз Россия менен Кыргызстандын ортосундагы жакшы коңшулук мамилелерди чыңдоого жардам берет, — деп баса белгилейт Нурия Турдакунова.

М.Кайыпов,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер